«Апаке» фондунун көзөмөлдөө кеңешинин торагасы Бабур Тольбаев данк медалы менен сыйланды.

«Апаке» фондунун көзөмөлдөө кеңешинин торагасы Бабур Тольбаев данк медалы менен сыйланды.

07 октября 2017

«Апаке» фондунун командасы,биздин фонддун Көзөмөлдөө Кеңешинин Жетекчисинин өлкөбүздүн өнүгүүсүнө кошкон өрнөктүү салымынын татыктуу бааланганы менен сыймыктанат!

Кыргыз Республикасынын президенти, «Мол булак Финанс» микрокредиттик компаниясынын Генералдык директору Тольбаев Бабурга мамлекеттик ардактуу сыйлык, «Даңк» медалын өз колу менен тапшырды.

«Даңк» медалы менен мамлекеттик кызматта, өндүрүштүк, илимий-техникалык, чыгармачылык, тарбиялык, коомдук жана кайрымдуулук тармактарындагы алгылыктуу жетишкендиктерди көрсөткөн жарандар сыйланат. «Апаке» фонду , кыргызстандыктардын жашоосун жакшыртуу жана өлкөбүздүн ар бир жаранынын турмушун жакшы жагына өзгөртүү максатында түзүлгөн.

«Апаке» коомдук фонду ,социалдык-маанилүү долбоорлордун масштабдуулугун,узактыгын ,туруктуулугун камсыздаган , каражатты максаттуу жана айкындуу пайдалануу менен жарандык жана бизнес коомчулугун мобилизациялоонун үлгүсү болгон,коммерциялык эмес ,адистештирилген коом болуп саналат.

Көмөк