Жаз майрамы!

Жаз майрамы!

08 марта 2019

Бизде, балдардын өз колдорунан жана мөлтүр суудай таза дили менен даярдалган, фонддун социалдык долбоорлор боюнча досторунан эң жагымдуу күтүлбөгөн белектерибиз бар: Бишкектеги «Развитие» (ϴнүгүү) Балдар Борборунун  «өзгөчө» балдары, Кызыл – Кыя шаарындагы «Аленка» балдар бакчасынын мектеп жашына чейинки балдары (Шохида Нурматова) жана Нарын облусундагы Мантыш айылынан, Бишкек шаарына жакын жайгашкан «Ак – Бата» айыл массивиндеги мектептин биринчи классынын окуучулары (Мээрим Иманканова) -  балалык чыныгы мээрим жана кубаныч менен жалпы баарыбызды  Жаздын келиши жана аялдардын майрамы менен куттукташат!

Биз, балдардын жагымдуу белегин сиздер менен бөлүшкөнгө кубанычтабыз жана баарыңыздарга боорукердик, сүйүү, бардык иште ийгиликтерди каалайбыз!

Элге мээрим менен, «Апаке»!

Көмөк