Баткен районуна поршендүү насос орнотулду!

Баткен районуна  поршендүү насос орнотулду!

28 сентября 2018

«Апаке», Баткен районуна «Биринчи кадамдын» кезектеги обьектисин кабыл алуу – өткөрүү үчүн келишти. Мындан ары Чоң – Кара айылынын  4 миңге жакын жашоочулары ичүүчү таза суу менен үзгүлтүксүз камсыз болушмакчы. Насос станциясы 1956 – жылы курулган экен жана поршендик насостун «курагы» да ушунча жашта. Айылга эптеп суу жеткирүү үчүн, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мезгил мезгили менен көлмөдөгү сууну бургулоону өчүрүп, бул жабдыкты жарым – жартылай колдонуп келишкен. Биз жаңы насос сатып бердик. Айыл жашоочулары үчүн кубанычтабыз! Демилгечилерге жана айыл активисттерине, жумушчу күч менен камсыздаганы үчүн ыраазычылык билдиребиз! «Апаке», биздин бардык социалдык жардам берүүчүлөргө,мекендештерибиздин учурдагы көйгөйлөрүн чечүү мүмкүнчүлүгүн тартуулаганы үчүн терең ыраазычылык билдирет!

#фондапаке#биринчикадам#кыргызстан

Көмөк