Кадамжай социалдык мекемелериндеги муктаж болгондорго жардам

Кадамжай социалдык мекемелериндеги муктаж болгондорго жардам

02 июля 2021

2021-жылдын  июль айы - өлкө боюнча коронавирус инфекциянын дагы бир толкуну.

Өзгөчө мамлекеттин кароосундагы мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар  үчүн абдан оор болууда.

Кадамжай аралашкан психоневрологиялык социалдык дарылоо мекемеси (СДМ) 1963-жылдан бери иштеп келе жатат, ал жакка, балдардын психо-неврологиялык социалдык дарылоо мекемелериндеги балдар  18 жашка толгондон кийин же ооруканалардан  которулушат. Долбоордун  кубаттуулугу 230 керебетке ылайыкталган. Бүгүнкү күндө социалдык кызматтарды алуучулардын саны - 212 орун.

Дарылануучуларды камсыздоо.

СДМде жашаган кары адамдар жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн күнүнө  100,0 сом бөлүнөт, ал эми дары-дармектерге бир адам үчүн - 12 сом 70 тыйын каралат.

Фонддун колдоосу.

Биздин Фонд, “М Булак” компаниясы менен биргеликте бул социалдык мекемени  колдоого алып жана карантин мезгилинде аларга керектүү медициналык жардам көрсөтүү үчүн 253 690 сомдук тиешелүү дары-дармектерди акысыз берди.

Биз, бардык жарандарыбызга кайрымдуулук жана ишеним көрсөткөндөрү үчүн ыраазычылык билдиребиз!  Биз биргеликте баарын жеңебиз!

Ден-соолукта болуңуздар жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Көмөк