Сынактын жеңүүчүлөрү

Сынактын жеңүүчүлөрү

23 апреля 2024

1-орун – “Инклюзивдик театр”. Байге 300 миң сом.

Идеянын автору: Лариса Кузнецова, Ош ш.

«Инклюзивдик театр» – ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын жана социалдык-аялуу  катмардагы жаштардын чыгармачылык потенциалын өнүктүрүү аянтчасы. Ош шаарында бир нече жылдан бери иштеп келе жаткан бул демилге көптөгөн коомдук, жеке жана мамлекеттик уюмдар менен кызматташып, инклюзивдик билим берүүнү илгерилетүүдө синергетикага жетишүүдө.

Мындан тышкары долбоордун алкагында билим берүү мекемелеринде инклюзивдик театрларды ишке киргизүү үчүн актёрдук чеберчилик боюнча усулдук колдонмолор иштелип чыккан. Бул демилге студенттерди, алардын ата-энелерин, социалдык кызматкерлерди жана өзгөчө муктаждыгы бар жаштарды кошкондо 300дөн ашык адамды камтыйт.

Начало формы

2-орун – “Көркөм Мурас”. Байге 200 миң сом.

Идеянын автору: Акжибек Бейшебаева, Бишкек ш.

Көркөм Мурас” – кыргыз көркөм сүрөт искусствосу, анын мыкты чыгармалары жана ХХ жана XXI-кылымдардын көрүнүктүү сүрөтчүлөрү тууралуу бир нече тилде субтитрлери бар тарбиялык видеороликтерди тартуу. Бул демилге, элге өлкөнүн мыкты чыгармалары жана көрүнүктүү сүрөтчүлөрү менен таанышууга мүмкүндүк берүү аркылуу маданий аң-сезимди өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт, бул өз кезегинде Кыргызстандын маданий мурастарын сактоого жана жайылтууга жардам берет.

Бул долбоор билим берүү потенциалына ээ: роликтер маалыматтык жана шыктандыруучу катары, көркөм сүрөт искусствосуна кызыгууну арттырып, аны изилдөөгө көмөктөшөт. Бул ыкма билим берүү тажрыйбасын байытып жана чыгармачылык ой жүгүртүүнү өнүктүрөт. Андан тышкары, бул идея инновациялык болуп саналат, анткени ал маданиятты популяризациялоо үчүн заманбап байланыш каражаттарын колдонот жана искусствого жетүүнүн жаңы жолдорун ачып, анын калктын түрдүү катмары үчүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатат. Ошентип, бул демилге маданий чөйрөнү өнүктүрүүдө, билим берүүнү, инновацияны жана коомго инклюзивдүүлүктү жайылтууда негизги ролду ойнойт.

3-орун – “Баары бийлейт!” Байге 150 миң сом.

Идеянын автору: Людмила Лобасенко, Бишкек ш.

"Баары бийлейт!" долбоору, ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар ата-энелери менен бирге машыгып жана концерт берген топтордо бийди үйрөтүү системасын түзүүгө багытталган. Бул идеянын уникалдуулугу, өзгөчө балдарды социалдаштырууда, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө карата коомдун көз карашын өзгөртүүдө жатат.

Бий, өзгөчө, үй-бүлөдө өзгөчө бала болгондо, жакындыкты, эмоционалдык тең салмактуулукту, кыймылдарды колдоону жана координациялоону шарттайт. Топтук бийдеги балдар жаңы шыктарга ээ болушат, сахнада өзүн кармоону, өздөрүнө, өнөктөштөрүнө жана бүт бий командасына жоопкерчиликтүү болууну үйрөнүшөт.

Мындан тышкары, демилгенин алкагында сахнага чыгуу үчүн кийимдердин эскиздери түзүлүп, алар курак ыкмасы менен тигилип, кездемеге экологиялык таза мамиле менен муундан-муунга өтүп келе жаткан бай маданий мурастын өзгөчө айкалышы болот. Ошентип, долбоор бардык курактагы, кесиптеги, социалдык топтор, этникалык жана физикалык өзгөчөлүктөрдөгү адамдардын арасында маданий сабаттуулукту жайылтууга багытталган эл аралык маданий демилгеге айланат.

4-орун – “Эс Ал”. Байге 100 миң сом.

Идеянын автору: Канышай Талантбекова, Бишкек ш.

Биз, онкологиялык илдетти жеңип чыккан аялдар иштеген тигүү цехи менен биргеликте, кайра иштетилген кездемелерден дизайнердик улуттук жаштар кийимдерин жана аксессуарларын жасайбыз. Бул демилге этникалык моданы жайылтуу менен гана чектелбестен, айлана-чөйрөнү сактоого жардам берип, калктын аялуу катмарынын социалдык бакубаттуулугун колдоого өбөлгө түзөт. Бул долбоордун аркасында рак оорусу менен күрөшүп келген кол өнөрчүлөр, ошондой эле ал оору менен күрөшүп жаткандар акча табуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, керектүү дары-дармектерге ээ болушат.

«Эс Ал» - Кыргызстандын алдында турган эки маанилүү көйгөйгө – кайра иштетүүгө болбой турган таштандылар көйгөйлөрүнө, өзгөчө текстилге жана олуттуу илдет менен күрөшүп жаткан аялдарга каржылык колдоо көрсөтүүгө гана жооп эмес, ошондой эле туруктуу моданы алга жылдыруу жана социалдык жоопкерчиликке кам көрүүнүн үлгүсү.

5-орун – “Кырк Өрүм”. Байге 100 миң сом.

Идеянын автору: Айжамал Насирдинова, Лондон ш. (Улуу Британия).

“Кырк өрүм” – Умай Эне жөнүндөгү кыргыздын улуу уламыштарынан алынган заманбап театралдык спектакль. Долбоор кыргыз уламыштарын, өрүмчүлүк, салттуу музыка жана кийимдерди айкалыштырууну өзүнө камтуу менен аны өзгөчө кылат, ал эми режиссердук иш салт менен инновацияны айкалыштырууга, физикалык ыкманы колдонуу менен өткөн окуяларды баяндоого багытталган.

Контент жайгашкан жерине карабастан бардыгына жеткиликтүү болушу үчүн, спектаклди ар кандай онлайн жана телеплатформаларда түз көрсөтүүнү баштоо, ошондой эле театралдык гастролдун алкагында Кыргызстандын бардык аймактарын кыдыруу пландаштырылууда.

Долбоор инновациялык иш ыкмасын – ойлоп табуу ыкмасын колдонот, мында ар бир катышуучу өз салымын кошот. Долбоордун демилгечилери тажрыйба алмашууга жана искусстводогу инновацияны өнүктүрүүгө көмөктөшүү максатында, бардык кызыккан адамдар үчүн бул ыкма боюнча тренингдерди өтөт.

6-орун “KG_DUB”. Байге 100 миң сом.

Идеянын автору: Мусулманкул Абдырахманов, Кызыл-Кыя ш.

"KG_DUB". Профессионалдык дубляждын идеясы – бул актёрлордун оригиналдуу сөздөрүн жана эмоцияларын кыргыз тилине которуу искусствосу, ошол эле учурда оригиналдуу мазмундун бардык маанисин жана атмосферасын сактоо. Дубляждалган видео материалдар башка тилдерди билбеген чоң аудиторияга жеткиликтүү болот жана аларга мурда белгисиз болгон мазмунга чөмүлүүгө мүмкүнчүлүк берет. Сапаттуу дубляж, ошондой эле билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет жана адамдын көз карашын байытууга, жаңы билимдерге, тилге жана башка жөндөмдөргө ээ болууга жол ачат.

Бул демилгенин өзгөчөлүүлүгү, идеянын автору сезимдерди жана артикуляцияны эске алуу менен үндүн тембрин кылдат тандоодо жана фильмдерди, подкасттарды, мультфильмдерди жана башка видео материалдарды дубляждоодо. Мындан тышкары, ал видео материалдын жалпы концепциясын жана сюжетин эске алуу менен, тексттин кыргыз тилине ылайыктуу котормосун өз алдынча даярдайт.

7-орун  Digital Gallery "DOM". Байге 50 миң сом.

Идеянын автору: Кемаль Калимов, Бишкек ш.

Digital Gallery "DOM"  идеясы – бул биздин ички дүйнөбүздү байытып гана тим болбостон, ошондой эле  тил искусствосу аркылуу да бизди бириктирген, убакыт жана мейкиндик боюнча өзгөчө саякат. Бул долбоор кыргызстандык сүрөтчүлөргө өз эмгектерин интернет-дүкөн аркылуу жайылтууга жардам берүү максатында иштелип чыккан. Сүрөтчүлөр үчүн онлайн аянтча, алардын профессионалдык өсүшүнө жана каржылык ийгилигине көмөктөшүп, өз иштерин дүйнөлүк масштабда жайгаштырууга жана сатууга мүмкүнчүлүк берет.

"Digital Gallery “DOM" – бул жөн гана чыгармалардын жыйнагы гана эмес, ошондой эле аны келечек муундарга сыймыктануу менен өткөрүп берүүгө боло турган элдин жандуу тарыхы.

Көмөк