Сүрөт сынагынын жеңүүчүлөрү_2022
13 марта 2022
СҮРӨТ СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ_2022
Урматтуу "Шахмат сүрөтчүнүн көзү менен!" Республикалык сынагынын жеңүүчүлөрү жана номинанттары!
Сиздерди биздин долбоордогу жетишкендиктериңиздер менен чын дилибизден куттуктайбыз. Сиздерге шахматка болгон кызыгууңуздар жана "Апаке" фондунун социалдык иш чарасына болгон ишенимиңиздер үчүн ырахмат. Убакыт жана керектүү нерселерди таап, ой топтоп жана биз менен, чоң аудитория менен өзүңүздөрдүн жан дүйнөңүздөрдөн чыккан баяндамаларды бөлүшүп, калыстар менен сынактын уюштуруучуларынын жүрөгүн толкутканыңыздарга ыраазычылык билдиребиз!
Эки сынактын жеңүүчүлөрү менен номинанттарын куттуктоо салтанаты 31-мартта, саат 18:30 да, Бишкектеги Филармонияда, ырчы Тамганын концертинин алдында болот.Ошол эле жерде сынакка катышкандардын сүрөт көргөзмөсү уюштурулмакчы. Биз ар бир авторду бул иш чарага чакырабыз.
Жеңүүчүлөрдүн сүрөттөрүн бул жерден көрүүгө болот!