ϴзгөрүш айылындагы жөө адамдар өтүүчү көпүрө даяр болду!

ϴзгөрүш айылындагы жөө адамдар өтүүчү көпүрө даяр болду!

17 сентября 2018

«Биринчи кадам» долбоору аяктоо алдында турат. Биздин кезектеги долбоорубуз, ϴзгөрүш, Аң – Арык жана Борколдой айылдарын бириктирген, үч айылдын адамдары каттаган көпүрө – калыбына келтирилди!

Биз, бардык 12 миңдей айыл жашоочуларын куттуктайбыз.

«Апакенин» белеги, бардык жакынкы аймактар үчүн маанилүү окуя болуп калды. Мындан ары, айыл тиричилигине байланыштуу ары – бери каттоо ыңгайлуу, тез жана коопсуз болмокчу.

Урматтуу, биздин жарандык демөөрчүлөр, сиздерге терең ыраазычылык билдиребиз!

Сиздердин кайрымдуулук иретинде кошкон салымыңыздар, ϴзгөрүштүн көпүрөсүнүн пайдубалынын бир бөлүгүн бекемдөөгө жумшалды.

Жергиликтүү айыл башкармалыгы, Кызыл - ϴзгөрүш Кеңешинин депутаттары, айыл жашоочулары дагы көпүрөнү калыбына келтирүүгө активдүү катышышып жана мындан ары аны туура колдонуу жана сактоо жоопкерчилигин өз моюндарына алышты. 

Долбоордун жалпы наркы 658 045 сомду түздү.

Көмөк