Кыргызстандагы дарыгерлер үчүн биринчи маалыматтык вебинар
29 июля 2020
Фонд, Кыргызстандагы дарыгерлер үчүн биринчи маалыматтык вебинар өткөрдү
Урматтуу окурмандар! Сиздердин көңүлүңүздөргө 2020-жылдын 27-июлунда OsloMet Университетиндеги өнөктөшүбүз менен (Норвегия) жаздырган вебинарды сунуштайбыз.
Юрий Киселев өз тажрыйбасы жана COVID-19 менен ооругандарга дары-дармектерди колдонуу өзгөчөлүктөрү боюнча учурдагы билимдери менен бөлүштү, ошондой эле Кыргызстанда иштеп жаткан клиникалык протоколдорго оң баа берди.
Биз, өз атыбыздан жана бардык катышуучулардын атынан, дүйнөдө жана Кыргызстанда COVID-19 пандемиясына байланыштуу учурдагы кырдаалга объективдүү баа бергендиги жана берилип жаткан маалыматтын жеткиликтүүлүгү жана жөнөкөйлүгү үчүн эл аралык экспертке ыраазычылык билдиребиз.
Урматтуу биздин дарыгерлер, биз Юрий Юрьевич менен он-лайн баарлашуу натыйжалуу жана мындан аркы ишибиз үчүн пайдалуу болду деп үмүттөнөбүз. Өзүңүздөргө кам көрүңүздөр, а биз өз тарабыбыздан сиздерди жана Кыргызстандын бейтаптарын колдоо үчүн колубуздан келгендин баарын жасайбыз!
Ден-соолукта болуңуздар!
Вебинардын видео жазуусуна шилтеме - 27.07.2010 – БУЛ ЖЕРДЕ!
Докладчы, COVID - 19 менен ооруган бейтаптарды дарылоонун эл аралык тенденциялары боюнча бир нече булактарга шилтемелерди сунуш кылды: