Талас облусундагы ϴзгөрүш айылындагы объект өткөрүлүп берилди!

Талас облусундагы ϴзгөрүш айылындагы объект өткөрүлүп берилди!

27 января 2020

Жаңы от жагуучу жайдын курулгандыгынын себебинен, мындан ары мектепте сабак окуу ар дайым жылуу жана жайлуу шарттарда өтмөкчү.

Буга кошумча,  балдар кол жуучу имарат калыбына келтирилип, суу түтүктөрү өткөрүлүп, кол жуучу жуунмалар орнотулду, ошондой эле  ашканада да идиш жууганга бардык шарттар бар.

Мектептин короосунда мурда даараткана үчүн атайын чуңкурча ( септик) жасалган. Бирок даараткананын сырткы дубалдарын курууга акча каражаты жетпей калган.

Биз, мектептин дааратканасынын сырткы имаратын куруп, бул маселени да чечип бердик.

ϴзгөрүш орто мектебинин окуучуларына жана мугалимдерине жакшы маанай каалайбыз жана Талас аймагынын  «Мол Булак» компаниясындагы өнөктөштөрүбүз, Жеенбеков Рабил менен Жунусов Зулхарга, бул маселени иш жүзүнө ашырууда көрсөткөн жардамдары үчүн ыраазычылык билдиребиз!

«Апакеге» кошулуңуздар жана биз менен бирге жакшы иштерди жаратыңыздар! Бул объект тууралуу кеңири маалыматты www.apake.kg сайтынан окусаңыздар болот!

#учунчукадам #проектыфондаапаке #талас #кыргызстан #мбулак

Көмөк