«Ош шаарындагы объект аяктады!»

«Ош шаарындагы объект  аяктады!»

21 января 2020

Мектептеги 40 жылдан ашык мезгилден бери чечилбей келген, көптөн көп күттүргөн маселе ийгиликтүү ишке ашырылды.

Кыздар жана балдар, ошондой эле педагогикалык курам мындан ары мектеп имаратынын ичиндеги өзүнчө бөлөк дааратканаларды колдоно алышмакчы.

Үч кабаттуу имараттын ар бир кабатында жагымдуу санитардык-гигиеналык шарттар түзүлдү.

Качандыр бир мезгилде даараткана үчүн бөлүнгөн жайлар толугу менен кайрадан реконструкцияланды.

Жаңы терезелер коюлуп, суу түтүктөрү менен жаңы канализация өткөрүлүп, кол жуугучтар менен даараттамалар орнотулуп, жылыткыч батареялары борбордук жылытуу системасы аркылуу иштей баштады.

Ал эми короодогу даараткананы дагы сактап калуу маселеси чечилди. Биз аны дагы ремонттон өткөрүп, чатырын оңдоп, эшиктерин коюп беребиз жана бул даараткана, капыстан имаратта суу берүү өчүп калган учурда керек болмокчу.

Бул долбоор, мектептин Директору Абдувахабова Данонун демилгеси менен, биздин Фонддун жана донор катары «Whater Charity» эл аралык коомдук уюмунун, долбоордун волонтеру Джон Далеонун көңүлдөрүн өзүнө бурдуруунун натыйжасында  иш жүзүнө ашырылды.

Биз, өнөктөшүбүз «Мол Булак» Компаниясына, аймактык жетекчилер Тольбаев Бахтияр менен Ташходжаев Шавкатка, бул орчундуу маселени жүзөгө ашырууда көрсөткөн жардамдары үчүн чын дилибизден ыраазычылык билдиребиз!

«Апакеге» кошулуңуздар жана биз менен бирге жакшылыктарды жаратыңыздар!

#фондапаке #мбулак #ош #учунчукадам

Көмөк