Балыкчыдагы объект ишке киргизилди!

Балыкчыдагы объект ишке киргизилди!

23 января 2020

Балыкчыдагы объект ишке киргизилди!

Жаңы жылды майрамдоо алдында, татаал турмуштук жагдайларга дуушар болгон балдар үчүн Кризистик Борборунда косметикалык оңдоо иштери аяктады.
Күңүрт, көк сыр менен сырдалган имараттар, жарык жана жайлуу бөлмөлөргө айланды.  Дубалдар экологиялык сапаттуу эмульсия менен сырдалып, терезе жан эшиктер оңдотулуп, полдору алмаштырылып, жарык берүүчү асылма шыптарды орноттук.

Кризистик борборго келгендер үчүн түзүлгөн жагымдуу шарттар, аларга карата көрүлгөн боорукердикти жана камкордукту жаратаарына  ишенгибиз келет! 

Биз, донорлорубузга, кайрымдуулук жардамы үчүн ыраазычылык билдиребиз!

Биз, «Мол Булак» компаниясынын Балыкчыдагы кеңсесиндеги өнөктөштөрүбүзгө, Эркинова Дарыгүлгө, долбоорду ишке ашырууда көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдиребиз!

«Апакеге» кошулуңуздар жана биз менен бирге жакшылыктарды жаратыңыздар!

Фонд оказывает благотворительную помощь детям в городе БалыкчиПомощь для нуждающихся детейЗаявка от соискателей из Балыкчи выполненаФонд помогает детям в городе Балыкчикаждый ребенок нуждается в помощиблаготворительная помощь детям от фонда "Апаке"

Көмөк