"Бонецкий лабораториясы» менен долбоорунун жыйынтыгы жөнүндө

"Бонецкий лабораториясы» менен долбоорунун жыйынтыгы жөнүндө

22 сентября 2020

Долбоор жөнүндө кыскача

Сиздердин көңүлүңүздөргө, биздин фонддун Кыргызстандагы COVID-19 пандемиясынын алдын алууга багытталган «COVID-19ду массалык аныктоо» социалдык долбоору жөнүндө отчетту сунуштайбыз.

2020-жылдын март айынын аягында коронавирустук инфекциянын жайылышын жана коронавирустук инфекциянын (COVID-19) пандемиясынын дүйнөлүк коркунучун түшүнүү менен  эске алып, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо Министрлиги, лабораториялык аныктоо боюнча  жалпы аракеттерге түздөн түз жардам көрсөтүү жана  өлкөдөгү туруктуулукту калыбына келтирүү максатында COVID-19га каршы туруу үчүн Intelmed LLC (Bonetsky Laboratory TM) ЖЧКсына кайрылды. Буга байланыштуу Саламаттыкты сактоо Министрлиги менен Кыргызстандын меценаттар жана ишкерлер тобунун ортосунда Меморандумга кол коюлду

Долбоордун жыйынтыктары

Биздин фонд дагы четте калган жок! Биз,"М Булак" компаниясы менен биргеликте  жардам берүүнү чечтик жана "Бонецкий лабораториясына" жалпы суммасы 8 094 000 сомдук кайрымдуулук жардамын көрсөттүк. Биздин демилгенин негизги максаты ПТР тесттерин жана реактивдерин, ошондой эле изилдөө үчүн тийиштүү материалдарды жана жеке коргонуу каражаттарын сатып алууну каржылоо болду.

Натыйжада, 41 уюмда 8 миллион 93 миң сомго 3,6 миңден ашык тестирлөө жүргүзүлдү.

Ыраазычылык

Жарандарыбыздын жугуштуу дартка кабылуу коркунучуна каршы тез арада чогулуп, демилге көтөргөн ишкерлерибизге жана бизнесмендерге ыраазычылык билдиребиз! Мамлекетибизде COVID-19 эпидемиясынын "күчөп турган мезгилинде" жан аябаган эмгеги жана берилгендиги үчүн, "Бонецкий лабораториясынын" ар бир кызматкерине ыраазычылык билдиребиз! Биздин чакырыкка жооп берип, ишенип, долбоорго колдоо көрсөткөндөрдүн бардыгына ыраазычылык билдиребиз!

#ВместеМыСправимся

#ПроектыФондаАпаке

#ЛабораторияБонецкого

#covid19

Фонд оказывает помощь в борьбе с COVID-19Помощь в борьбе с коронавирусной инфекцией для нуждающихсяБлаготворительность в борьбе с пандемией в Кыргызстане

Көмөк