Фонддун көрсөткүчтөрү жөнүндө

Фонддун көрсөткүчтөрү жөнүндө

27 февраля 2020

Аткарылган иштердин жыйынтыктары тууралуу

«Апаке» Фонду, жарандык жана бизнес коомчулуктарын бириктирип жана кайрымдуулук салтын жайылтып,  Кыргызстандагы коомдук социалдык ишмердүүлүктүн бирден бир үлгүсү  боло алды. 2017-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин «Апаке» Фонду 40 000 ашык жарандарыбыздын жашоо турмушун жакшыртты. Бүгүнкү күндө 10 500 ашык донорлор Фондго жалпы суммасы 14 000 000 жакын сом кайрымдуулук каражатын которушту. Жалпысынан биздин долбоорлорду өнүктүрүүгө жана ишке ашырууга 12 500 000 сом жумшалды.

Биздин үч (3) жылдык аткарган ишибиздин натыйжасында, «Апаке» 30 социалдык долбоорду камтыды.

Технологиялар жөнүндө

Учурдагы коллективдүү кызматташтыктардын тенденциясын утурлап, биздин Фонд кайрымдуулук каражаттарын чогултуунун автоматташтырылган системасын уюштурду. Сиздер, мындан ары «Апакенин» ишмердигин дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнөн колдоп жана эл аралык Visa төлөм системаларынын банктык карталары менен  түздөн түз сайты аркылуу кайрымдуулук жүргүзө аласыздарФонддо, Кыргызстан боюнча кайрымдуулук каражатын чогултуучу онлайн которуу жолдору иштейт. Биздин Фонд, өзүнүн финансылык ишмердигинин айкындуулугун камсыздайт.

Сиздердин бизге болгон ишенимиңиздер,   ак ниет иштердин  бир бөлүгү болууну каалап жана «Апакенин»  Миссиясына  катышууга  даяр экендигиңиздер  биз үчүн абдан баалуу!

Бул жерде сиз биздин ишинин жыйынтыгы боюнча көргөзмө сунуштоону көрө аласыз!

Көмөк