Биздин «Биринчи кадам» социалдык долбоорубуз кызуу жүрүп жатат!

Биздин «Биринчи кадам» социалдык долбоорубуз кызуу жүрүп жатат!

20 июня 2018

«Биринчи кадамдын» 8 долбоорунун бирине  Талас облусунун Кызыл-Адыр айылынын жашоочуларынын өтүнүчү кирген.   Айыл жашоочулары , эски суу чыгаргыч насостун  тез-тез бузулганына байланыштуу бир топ убакыт ыңгайсыз жашоого дуушар болуп келишкен, өзгөчө жай мезгилинде жаш балдар менен улгайган адамдарга таза суунун жетишсиздиги кыйынчылык жараткан.

2018-жылдын 18-июнунда , биздин Фонд , Кызыл-Адыр айылына жаңы электрдик щит менен иштөөчү  суу бургулоочу насос жеткирип бериштиМындан ары 6 000 миңден ашык  айыл жашоочулары өздөрүнүн үйүндө таза суу менен үзгүлтүксүз камсыз болушмакчы.

Суу насосун орнотуп жана андан ары иштешин камсыз  кылууну Кара-Буура  суу тармагы колго алмакчы.

Айыл жашоочуларын , жайдын аптаптуу күндөрүндө , таза сууну каалаган учурда колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу менен куттуктайбыз!

Бизбүтүндөй бир айылдын элинин ыңгайлуу жана бактылуу жашоосу үчүн , өз каалоолору менен кайрымдуулук көрсөтүшкөн Фонддун социалдык демөөрчүлөрүнө   терең ыраазычылык  билдиребиз!

Көмөк