«Башкача жашоону башта»!

«Башкача жашоону башта»!

10 июня 2019

Бүгүн, 2019-жылдын 10-июнунда, «Апаке» Фондунун жаңы социалдык долбоору расмий түрдө башталды. Бул демилгенин автору «Кыргыз азиздер Федерациясы».  Бул коомдук Бирикменин жетекчилери, Жүзбаева Гүлназ жана Абдувалиев Жалалдин, көзү азиздердин бардык кыйынчылыктарын өздөрү жеңип, «Башкача жашоону башта!» деген ураандын алдында, көрүү мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн акысыз жаңыча билим программасын ишке киргизишмекчи.

Жаңыча ыңгайлаштырылган технологиялардын, кампустук үлгүнүн негизиндеги мульти-предметтик программанын жардамы аркылуу  коомго толугу менен кошулуп, көзү азиздер өздөрүнө болгон ишенимин арттырып, кесипке ээ болууга умтулуусу менен  жашоонун мазмунун жоготкон , башка мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга үлгү болушмакчы.

Биздин Фонд, Башкы өнөктөшүбүз «Мол Булактын» финансылык колдоо көрсөтүүсүнүн натыйжасында, бул жылдык долбоорду ишке ашырууга каражат бөлдү. Андан тышкары,  Биримдиктин келечекке иштөөсүнө  жардам берүүнүн алкагында, бизге, Кыргыз азиздер Федерациясынын Көзөмөлдөө Кеңешине мүчө болуу ишеними көрсөтүлдү.

Ошондой эле Азиздер Федерациясынын бул долбооруна кайрымдуулук жардамды башка демөөрчүлөр дагы көрсөтүштү, мисалы:  Nomad Sport, Европалык реконструкциялоо жана өнүгүү банкынын кызматкерлеринин командасы жана Бакай Жунусов жетектеген  “EBRD Community initiative”.

Биз, бул уникалдуу жана шыктандыруучу иш чарага жарандуулук активдүүлүгүн көрсөтүшкөн жана колдон келген салымдарын кошкондордун баарына ыраазычылык билдиребиз. Биз, кайдыгер карабагандарды, бул теманы активдүү жылдырууга жана коомчулукту мобилизациялоого чакырабыз. Биздин башталышты бекемдөөгө жана жакшыртууга мүмкүн болгон ар кандай сунуштарды карап чыгууга даярбыз.

Баарыбызга ийгилик жана кызыктуу чыгармачылык иш каалайбыз!

Долбоор жөнүндө:

Долбоордун узактыгы – жарым жылдык эки курс, жалпы 1 жыл ( 2019 - жылдын июнь айы – 2020 – жылдын июль айы)

Долбоордун катышуучуларынын саны – 22 көзү азиз адам.

Фонддун кайрымдуулук жардамынын көлөмү – 1 600 000 сом.

Көзү азиз талапкерлер үчүн катышуунун шарттары – башкача жашоого шыктануу менен умтулуу!

#начнижитьиначе #проектыапаке #фондапаке #vbishkeke #kyrgyzstan

Көмөк