Социалдык долбоорлор сынагы, 2019

Социалдык долбоорлор сынагы, 2019

05 сентября 2019

Социалдык долбоорлор сынагы 2019

2019-жылдын күзү биздин Фонд үчүн жагымдуу жаңылыктар менен башталмакчы.

Биз, социалдык долбоорлордун сынагын жарыялайбыз.

«Үчүнчү кадам» - Кыргызстандын шаар жана айыл жашоочуларынын арасында зарыл жана маанилүүлүккө ээ болгон, ар кандай багыттагы жергиликтүү социалдык маселелерди өнүктүрүүгө арналган кезектеги иш-чара.

Мекендештерибиздин турмуш шартын жакшыртууга арналган демилгеңиздерди күтөбүз. Аны үчүн төмөнкү үч шартты аткарыңыздар:

  1. www.apake.kg сайтындагы «Долбоорлор»  рубрикасына өзүңөрдүн долбоор тууралуу Арызды толтуруңуздар.
  2. Сиздин долбоорго жумшалуучу чыгымдын анык бюджетин түзүп чыгыңыздар.
  3. e-mail dobro@apake.kg – 2019-жылдын 30 – сентябрына чейин Арызды жөнөтүңүздөр.

Биздин Көзөмөлдөөчү Кеңеш, арыздарды коллегиалуу түрдө баалап жана ишке ашырууга татыктуу болгон, актуалдуу демилгелерди аныктап чыгат.

Кымбаттуу биздин донорлор! Биз, Сиздерге, ишеним көрсөтүп жана алгылыктуу иштерди жасоого мүмкүнчүлүк түзүп бергениңиздер үчүн ыраазычылык билдиребиз!

Урматтуу окурмандар! Сиздерде, биз менен чогуу кадам таштап жана «Үчүнчү кадамга» демөөрчү болуу менен бирге, Фонддун тарыхый окуяларынын бир бөлүгү болуп калууңуздарга себеп бар.

Биз, кичинекей кадамдарыбыз менен көптөгөн мекендештерибиздин турмушун жакшырта алабыз!

Көмөк