"Биринчи кадам" социалдык долбоору жөнүндө видео- презентация

"Биринчи кадам" социалдык долбоору жөнүндө видео- презентация

21 января 2019

Кымбаттуу биздин донорлор!

Сиздер, бул асыл иштердин ажырагыс бөлүгү болуп калдыңыздар! Алдыда бизди «Апаке» менен биргеликте өлкөбүздүн жыргалчылыгы үчүн улуу иштер күтүп турат!

"Биринчи кадам" социалдык долбоору жөнүндө видео- презентация

«Апаке» Коомдук фонду 2018 – жылдын жай айында социалдык долбоорлордун сынагын өткөрдү.  Бизге, Кыргызстандын ар кайсы  булуң – бурчтарындагы «Мол Булактагы» кесиптештерибиз менен кардарларыбыздан мекендештерибиздин жашоо – шарттарын жакшыртуу өтүнүчү менен 78 сунуш түштү. Фонддун Көзөмөлдөө Кенеши «Биринчи кадам» бирдиктүү долбоору сунуштаган арыздардын ичинен 8 арызды тандап алышты.

«Биринчи кадам» долбоорунун аркасы менен 34 000ге жакын мекендештерибиз ыңгайлуу шарттарда жашап калышты.

Баткен облусунун Чоң – Кара айылындагы суу насос станциясы 1956 – жылы курулган.  60 жылдык насос тез – тез сынып, жарым жылдай иштебей калган. Эскирген насос иштебей калган учурда айыл жашоочулары сууну көлдөн кол менен ташууга мажбур болушкан.   Биз, жаңы суу бургулоочу насос белек кылып, 4 000ге жакын айыл жашоочулары жыл бою ичүүчү сууну пайдалануу мүмкүндүгүнө ээ болушту.

Сокулук аймактык ооруканасында бир жылда 10 000ге жакын бейтаптар дарыланышып, 3 000 ге жакын наристелер жарык дүйнөгө келишип, 1 600дөй операция жүргүзүлгөн. Оорукананын тамак даярдоочу бөлүмү керектүү жабдыктардын жетишсиздигинен бир эле учурда бардык бейтаптарды тамактандыра алган эмес. Биз, бейтаптардын сакайып кетиши үчүн комплекстүү тамак – аш  даярдоочу 160 литрлик  электр казанын белекке бердик.

Жалалабат облусунун ϴзгөрүш айылынын жашоочулары 10 жылдан бери көпүрөнү калыбына келтире алышпай келген.  Көпүрө көлдүн үстү аркылуу туурасынан коюлган  4 түтүктөн турган. Суу кирген маалда айыл жашоочулары кошуна айылга баруу үчүн көлдү айланып өтүүгө мажбур болушкан. «Апаке» фонду үч айылды бириктирген жаңы көпүрө куруп берди. Бүгүнкү күндө 12 000ге жакын адам айылдарга коопсуз жана тез каттоо мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушту.

Ысык – Көл облусунун Михайловка айылынын жашоочулары «Апаке» фондуна , маанилүү обьекти болгон эки суу станциясын бузулуудан,  балдардын жана үй жаныбарларынын электр тогуна урунуп жабырлануусунан, ошондой эле сууну булгануу коркунучунан  сактоочу тосмо коюп берүү өтүнүчү менен кайрылган.

Бул маселе 40 жылдан бери чечилбей келген. Биз курулуш материалдарын алып келип, өтүнүчтү ишке ашырдык.

Бүгүнкү күндө 3 500дон ашуун айыл жашоочулары коопсуз жашоодо жашап жатышат.

Нарын облусунун Мантыш айылында 7 жылдан бери бөбөктөр ойной турган аянтчасы оюн жабдыктары менен камсыз болбогон балдар бакчасы бар. Балдар бакчасынын короосунда кол менен жасалган ойноочу жайлар болгон менен, бирок таза абада балдарга ойногонго атайын ыңгайлашкан жай жок. Биз жаңы оюн аянтчасын жана балдар эс ала турган чатырча куруп берип, ошону менен бирге 30 га жакын мектеп жашындагы балдарга ыңгайлуу болушу үчүн, жаңы кийим илүүчү шкафтарды сатып бердик.

«Апаке» фонду  имараттын бет маңдай дубалына сүрөт белекке таттырып берип, ал азыр бүтүн айыл сыймыктанчу жайга айланды.

Талас облусунун Кызыл – Адыр айылынын жашоочулары 6 жылдан бери ичүүчү таза сууга жетпей келишет. Жай мезгилдеринде суу берүүнү узак мөөнөткө өчүрүп койгонго байланыштуу , үй – тиричилигинде ыңгайсыздыктар пайда болуп келген. Эски насос тез - тез сынып, 10 -15 күн сайын оңдоого туура келген. Биз жаңы суу бургулоочу насос алып бердик, мындан ары 6 000 миңдей айыл жашоочулары жыл бою ичүүчү таза суу менен үзгүлтүксүз камсыз болушмакчы.

Бишкек шаарына жакын «Ак –Бата» айыл массивинде 10 жыл мурда курулган жалгыз мектеп бар. Иш жүзүндө бул мектепте 1 000ден ашык окуучулар 4 нөөмөт менен билим алышат. Мектеп заманбап техникалык жабдууларга муктаж эле. Биз  мектепке  окуу тактайларын, проектор жана сенсордук экран сатып бердик. Мындан ары мугалимдер жаңы технологияларды өздөштүрүшүп, ал эми окуучулар өздөрүнүн элестүү кабыл алуу сезимдерин өөрчүто  алышат.

Ош шаарына жакын жайгашкан Кашкар – Кыштак айылындагы көп кабаттуу үйдө 48 үй – бүлө жашайт. 90 – жылдары капиталдык оңдоо иштеринин учурунда үйгө суу берүүчү түтүктөрдүн баарын кесип салышып, жашоочулар канализациясыз калышып, ал эми үйдүн имараты кыйроо коркунучунда калган. Короодогу эски даараткана пайдаланууга жарабай калып, өзгөчө жаш балдар менен улгайган адамдар үчүн чоң кыйынчылыктар жаралган.

   «Апаке» фонду  короого жаңы даараткана куруп берди.  Бүгүнкү күндө 200гө жакын адам нормалдуу гигиеналык шарттарга ээ болушту.

 

 

 

 

 

Көмөк