«Боорукердик китепканасынын» жыйынтыгы

«Боорукердик китепканасынын» жыйынтыгы

03 июля 2017

2017 – жыл, 3 – июль.

Биз сиздер менен жагымдуу жаңылыгыбызды бөлүшкүбүз келет, тактап айтканда, Кулунду айылынын жаш сүрөтчүлөрүнүн Бишкекке келиши тууралуу баяндамакчыбыз.

«Апаке» КФ, апрель айында Кулунду айылынын китепканасын китептер менен камсыздап жана «Боорукердик китепканасы» долбоорунун алкагында сүрөт сынагын өткөргөнү эсиңиздерде болсо керек.

Биз, «Кут – Аалам» басмасына жана анын генералдык директору Бегайым Жапаровага терең ыраазычылык билдирип кетебиз, себеби биз, балдардын китеп окууга болгон кызыгуусун арттырган, китепкана үчүн жогорку сапаттагы китептерди ушул басмадан алдык.

Көрсөтүлгөн жеңилдиктер үчүн ырахмат!

«Боорукердик китепканасынын» жыйынтыгы

Биздин өнөктөштөрдүн колдоосу менен эки күндүк программабыз абдан мазмундуу жана кызыктуу болду.

К.Баялинов атындагы китепкана жана анын жетекчиси Султангазиева Роза Калыевнага, долбоорго колдоо көрсөтүп, китепкана боюнча сейил уюштуруп, сынакты өткөрүүчү жай бөлүп бергендиги үчүн ыраазычылык билдиребиз.

«Шоро» компаниясына, лабораториясына кызыктуу сейил куруп, окуучуларга жагымдуу суусундуктарды тартуулаганы үчүн жана менеджери Наргизага шорону кантип даярдоо тууралуу кызыктуу маек куруп бергенине ыраазычылык билдиргибиз келет. «Шоро» компаниясы

«Ololohaus»тун сүрөтчү-периси Мокрополова Маринага бекер көрсөтмө – сабак өтүп бергенине ырахмат айтабыз. Биздин Баткенден келген кичинекей конокторубуз сүрөт тартуунун сыйкырдуу техникасы менен таанышып, эргүү алуусуна бөлүнгөн бир жарым саат убакыт, чыгармачылык жагымдуу жагдайда тез эле билинбей өтүп кетти. @ololoartstudio

Dodo Pizza Kyrgyzstan”дын менеджери Кабылбек кызы Зинанын аркасы менен Кулундудан келген коноктор өздөрүн улук – ашпозчу катары сезишип , өз колдору менен пицца даярдоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту!

Айтмакчы, балдар пиццаны алгачкы жолу ошол жерде даам татып көрүштү, Dodo Pizza”га жылуу маанайда кабыл алгандыгы жана даамдуу пицца үчүн ырахмат! @dodopizzakg

Кыргызстандын Синематика кинотеатрлар тармагына жана жетекчиси Айтбаев Акылбек Садыгалиевичке  3Д мультфильминин сеансынын билетине 50% жеңилдик бергени үчүн ыраазыбыз. Буга дейре биздин жаш көрүүчүлөр кинотеатрда бир дагы ирет болушпагандыктан, кино көрүү алар үчүн өзгөчө жаңылык жана толкунданууну жаратып, алар Баткенде кинотеатр ачууну – кыялданышты! Лира менен Айдайга , бул жагымдуу иште көмөк көрсөткүндүктөрү үчүн ырахмат! @cinematika_kg

Биздин акыркы саякатыбыз SOS Children”s Villages Kyrgyzstan”га болду, ал жердеги балдар Баткенден келген балдарды чыдамсыздык менен күтүп жатышкан эле, бул жерде командалар ортосунда эстафета, оюндар уюштурулуп, катышуучулар тез эле достошуп да алышты.

SOS village”дин жетекчиси Орозбаева Оксана менен менеджери Мамбеталиева Индирага жылуу кабыл алгандары үчүн ырахмат!

Кызыктуу командалык оюндарды уюштуруп бергендери үчүн Дүйшөбекова Назирага, Авдеева Ксенияга, Турсунбекова Элизага , Акжолов Айбекке ырахмат! @kyrgyzstan_sos.

Жыйынтыгында, Кулундудан келген жаш сүрөтчүлөр, бизге чоң жеңилдиктерди берип,катышуучуларыбызды даамдуу жана таттуу эртең мененки тамак менен камсыз кылган , ыңгайлуу Viva конок үйүндө эки күн болушканын айта кетүүбүз керек.

КРнын Ички Иштер бөлүмүнүн орун басары Орозалиев Алмазбек Кыдырбаевичке, биздин балдарды «Ош – Кулунду» багыты боюнча коштоп, үйлөрүнө аман – эсен жеткирүүгө көрсөткөн көмөгү үчүн чоң ырахмат айтабыз.  Көптөгөн адамдар «Боорукердик китепканасы» долбоорунун жүрүшүндө кошулушуп, колдон келген жардамдарын көрсөтүштү. Мына ошентип баарыбыз өнөктөш болуп, бул долбоордун ишке ашышына кичине болсо да салым коштук.

#БиблиотекаДобра #апаке

Көмөк