Кыргызстандын дарыгерлерине маалыматтык колдоо

Кыргызстандын  дарыгерлерине  маалыматтык колдоо

23 июля 2020

Эл аралык эксперттердин онлайн конференциясы

Урматтуу дарыгерлер!

Сиздерди "COVID-19  менен ооругандарга дары каражаттарын сарамжалдуу пайдалануу: Кыргызстандын шартында чет өлкөлүк сунуштарга сереп салуу" темасындагы кайрымдуулук вебинарына чакырабыз.

Спикер: Юрий Киселев - PhD, доцент,  Норвегиядагы ОслоМет Университетиндеги  Саламаттыкты сактоо илимдери Факультетинин  , Колдонмо фармакология жана фармакотерапия курсунун башчысы, Россиянын Медициналык Академиясынын Үзгүлтүксүз дипломдон кийинки билим берүү академиясынын ФармаКОВИД борборунда эл аралык эксперт, Москва.

Вебинарда спикер ушул тема боюнча презентация жасайт, ал эми  сиздер COVID-19дан дарылоого байланыштуу суроолоруңуздарды берсеңиздер болот.

Качан: 27-июль, Бишкек убактысы боюнча 19:00.

Кайда: онлайн, онлайн конференциялардын мобилдик тиркемесинде - ZOOM App.

Кимдер катыша алат: COVID-19 менен ооругандарды дарылоого катышкан бардык медициналык адистер.

Катышуу үчүн эмне керек: маалыматыңызды: аты-жөнү, адистиги, иштеген жери (медициналык мекеме), номери Webinar312@gmail.com дарегине жөнөтүлсүн.


Арыздар 27-июль, саат 12:00гө чейин кабыл алынат.
Катышуу акысыз, вебинар COVID-19 менен күрөшүүдө дарыгерлерге  маалыматтык колдоо көрсөтүүгө багытталган.

Сурап-билүү үчүн телефон: +996 (774) 99 22 63

Көмөк