Байкоочу кеңештин мүчөлөрүнүн жылдык жыйыны_2020

Байкоочу кеңештин мүчөлөрүнүн жылдык жыйыны_2020

22 февраля 2021

Жылдык жыйын жөнүндө

Урматтуу окурмандар!

Бүгүн, 2021-жылдын 22-февралында, Байкоочу кеңештин мүчөлөрүнүн жылдык жыйынын өткөрдүк. Өткөн жылы эпидемиологиялык кырдаалды эске алып, онлайн режиминде сүйлөшүп турдук. Албетте, жеке жарандык жана социалдык миссиясы жогору мындай интеллектуалдуу адамдар чогулганда, баарлашуу жана ой бөлүшүү үчүн эки саат жетишсиз болду.

Талкуунун аягында, “Апаке” фондунун Байкоочу Кеңешинин мүчөлөрү бир добуштан фокус коюп багытталуу сунушун колдошту.

Иш-аракеттердин фокусу жөнүндө

Ошентип, биз ишибизде мындан аркы артыкчылыктуу багыттарды аныктадык жана ишибизди 4 багытта жүргүзөбүз:

1. Жарандардын интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүү,

2. Калктын билим деңгээлин жогорулатуу,

3. Калктын маданий өнүгүү деңгээлин жогорулатуу,

4. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо.

Ушул багыттардын чегинде Байкоочу кеңештин ар бир мүчөсү “Апаке”  фондунун атынан коллегиалдуу түрдө тандалып, каржылануучу тийиштүү идеяларды жана долбоорлорду демилгелөөгө укуктуу.

Биздин ниетибизге ылайык, “Апаке” фонду буга чейин биринчи бенефициар болуп, биздин фонддун колдоосун ала турган масштабдуу билим берүү долбоорун иштеп чыгууда.

2020-жылдын отчету жөнүндө

Мындан тышкары, жыйында фонддун ишмердүүлүгү жөнүндө отчет жана финансылык жылдык отчет бекитилди.

2020-жылга карата иш-аракеттерибиз жөнүндө көбүрөөк маалыматты бул жерден таба аласыз.

Ошондой эле 2020-жылга карата “Апаке” фондусунун финансылык абалын бул жерден талдай аласыз.

Биздин Байкоочу кеңештин мүчөлөрүнө жарандарыбыздын социалдык турмушун жакшыртууга катышкандыгы жана жигердүү жарандыгы үчүн ыраазычылык билдиребиз!

Баарына ийгилик жана алдыга койгон максаттарына жетүүнү каалайбыз!

Наблюдательный Совет Общественного фонда АпакеНа годовом собрании НС Фонда Апаке

Общественный фонд проводит годовое собрание Наблюдательного советаЧлен Наблюдательного совета фонда Апакесобрание Наблюдательного совета фонда Апакеновые социальные проекты фонда Апакесоциальные проекты фонда Апакечлены Наблюдательного Совета фонда Апакеоперационная деятельность фонда Апаке

Көмөк