Ырааттуу тездеткичке каражат чогултуу башталды

Ырааттуу тездеткичке каражат чогултуу башталды

26 июня 2017

2017 – жыл, 26 – июнь.

ММК биз жөнүндө: Zanoza

Кечээ, 23 – июнда, Бишкекте, «Апаке» коомдук фонду Кыргызстанда Нур терапия борборунун курулуш долбоорунун бетачарын өткөрдү. Долбоор, онкология менен жабырланган бейтаптарды жогорку технологиялык жабдуулардын негизинде нур менен дарылоочу заманбап борбордун курулушун камтыйт.  Долбоордун божомолдуу наркы – 10, 5 млн. доллар.

Маалымдама

Жылына 5 миңге жакын онкология менен ооругандар катталат.   Жаңы пайда болгон коркунучтуу шишик – кыргызстандыктарды өлүмгө алып келүү себептери боюнча экинчи орунда турат. Онкологиялык оорулардын саны балдар арасында да өсүүдө.

« Мен абдан кубанычтамын жана патриоттук сезимдерим толкундатып жатат, себеби Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу  бизнес чөйрөсү оорулуу адамдарга жардам көрсөтүү демилгесин көтөрүп чыкты.    ϴлкөбүздө, мамлекеттик – жеке шериктештик жөнүндө мыйзам кабыл алынган, бирок аны көптөр түшүнө бербейт. Бул долбоордун иштеп кетишине мен ишенем. ϴкмөт дагы бул демилгени колдоого даяр. Тилекке каршы ,  онкологиялык оорулууларды дарылоочу жабдыктарды сатып алууга мамлекеттин күчү жетпейт.  Нур терапия борборунун курулушу , бизнес чөйрөсүндөгү жарандарыбыз үчүн, мамлекет жасап берет деп кол куушуруп отура бербестен, өз колубуз менен маанилүү иштерди жасоого убакыт келип жетти, - деген жакшы чакырык болуп саналат» - деп, вице – премьер  Султанбекова Чолпон куттуктоо сөзүндө белгилеп кетти.

Теле алып баруучу Саматова Салтанат, борбордун Кыргызстанда пайда болушуна бирден бир  кызыкдар  экендиги жөнүндө ой бөлүштү.

« Мен , беш жылдан бери рак оорусунан дарыланып келе жатам. ϴз өлкөбүздө тийиштүү аппараттардын жоктугуна байланыштуу ,жогорку техгологиялык жардам алууга мүмкүн эмес, ошол себептен ар бир үч айда Түркияга барууга муктажмын. Бул абдан кымбат.  Дагы жакшы, өзүм бир аз каражат топтогом, кесиптештерим, досторум жана мени тааныгандар да жардамдашып келишет. Эгерде бизде мындай борбор болгондо, көптөгөн адамдарды сактап калат элек. Каражаты жоктор, аргасыздан өз өлүмүн күтүүгө мажбур».

 

«Апаке» коомдук фондунун Көзөмөлдөө Кеңешинин төрагасы, бул долбоорду түзүү демилгесинин ээси Тольбаев Бабур , нур терапия борборунун курулушу жана каражат топтоо планы жөнүндө кеңири баяндап берди.

« Бул долбоор улуттук мааниге ээ. Биз, Кыргызстандын бардык ишкерлеринин башын кошуп, азыркы ашар жолу менен ( керектүү каражатты баарыбыз чогултуп, имараттын курулуш иштерин өз колубуз менен бүтүрүп) долбоорду ишке ашырууну каалайбыз. Ай сайын биз, жүздөгөн онкология менен жабырланган адамдарды сактап кала алабыз. Орто жаштагы рак менен ооруган адамдардын саны азайып, жаш балдарыбыз көп жапа чегүүдө. Ошондуктан, бул оорудан айыктыруучу заманбап медициналык борбор бизге абдан керек жана биз нур терапиясына негизги көңүлдү буруубуз зарыл».

Долбоордун демилгечиси, өлкөбүздө азыркы заманга ылайык жабдыктардын жоктугун баса белгилеп кетти.

«Биз, эки ырааттуу тездеткич коюшубуз керек. Орто эсеп менен бир оорулуу адам 23 фракция ( нурдандыруу сеансын) алышы керек, машина деген машина, кокустан бузулуп убактылуу жарактан чыгып калса, биз оорулуу адамдарды күттүрбөй, үч – төрт нөөмөт менен иштесек дагы, тийиштүү дарылануу менен камсыз кылышыбыз керек» , -  деп айтып өттү.

Борбор иштеп баштагандан кийин , беш – алты жылдын ичинде  түшкөн бардык киреше, насыя алган каражаттарды кайтарып бергенден кийин, дарылоого, диагноз коюуга  жана жаңы жабдыктарды сатып алууга жумшалат.

Тольбаев Бабурдун айтымында, жеке ишкер адам, борборду куруу үчүн жер тилкесин белек кылган, андан тышкары курулуш компаниясы тарабынан жеңилдиктер каралууда. Адегенде 2 миллион долларды, кайра кайтарып берүү жолу менен бизнес – коомчулугунан чогултуу пландаштырылган. Ал эми калган 8.5 миллион доллар үчүн , долбоордун демилгечилери , жергиликтүү жана эл аралык финансы институттарына , фонддорго , европалык банктарга  кайрылууга ниеттенишүүдө.

« Биз, Кыргызстандын бизнес өкүлдөрүнө чакырык таштадык. Эгерде, дагы жок дегенде 17 адам , ар бири 100 000 $ салым кошууга макул болсо, биз ишти баштоого даярбыз», - деп, «Апаке» коомдук фондунун Көзөмөлдөө Кеңешинин төрагасы Тольбаев Бабур   сөзүн аяктады.

Көмөк