Кыргызстандагы ишкерлер Нур терапия борборун курууга ниеттенишүүдө

Кыргызстандагы ишкерлер Нур терапия борборун курууга ниеттенишүүдө

24 июня 2017

ММК биз жөнүндө: Киртаг

Бишкек.  27 – июнь.  КирТАГ – Боронбаева Мунара.

Кыргызстандагы ишкерлер нур терапия борборун курууну ниеттенишүүдө. Бул жөнүндө, Нур терапия борборунун курулуш долбоорунун бетачарында, идеянын  демилгечиси, «Апаке» коомдук фондунун төрагасы Тольбаев Бабур айтып өттү.

«Азыркы учурга ылайык борборду куруунун негизин, онкология ооруларына чалдыккан  адамдарды жогорку технологиялык жабдуулар аркылуу нур менен дарылоону жеткиликтүү баада жүргүзүү түзөт. Долбоордун жалпы баасы  $10, 5 млн бааланууда. Анын  2 млн долларын финансылык мекемелер жана ишкерлерден кошкон салымдарды 5 жылдын ичинде кайтарып берүү шарты менен чогултуу пландалууда. Калган 8,5 млн долларды ири эл аралык финансы институттары берүүсү күтүлүүдө», - деп айтты Тольбаев Бабур.

Анын айтмында, Кыргызстандын бизнес – тармагынын өкүлдөрү, бул долбоорду колдоого даяр. «ϴзүнүн ысымын атабоону өтүнгөн ишкерибиз, борборду куруу үчүн жер тилкесин бекер тартуулады. Ошондой эле МФУ тарабынан бөлүнгөн 100 000 $, коммерциялык банк тарабынан түшкөн 100 000 $, дагы бир ишкерибиз берген 100 000 $ каражатыбыз бар. Мындан тышкары, курулуш компаниясы борбордун курулушунда 100 000 $ жеңилдиктер көрсөтүлө тургандыгына макулдугун берди. . Эгерде дагы 17 адам , ар бири 100 000 $  өлчөмүндө салым кошууга макул болсо, биз долбоорду баштоого даярбыз» - деп кошумчалады Тольбаев Б.

Көмөк