Бүгүн , 23-июнда, Бишкек шаарында «Апаке» Коомдук Фонду  Кыргызстанда  «Нур Терапия Борборунун» курулуш долбооруна арналган иш-чара өткөрдү

Бүгүн , 23-июнда, Бишкек шаарында «Апаке» Коомдук Фонду  Кыргызстанда  «Нур Терапия Борборунун» курулуш долбооруна арналган иш-чара өткөрдү

23 июня 2017

СМИ о нас: Akchabar 

Бүгүн , 23-июнда, Бишкек шаарында «Апаке» Коомдук Фонду  Кыргызстанда  «Нур Терапия Борборунун» курулуш долбооруна арналган иш-чара өткөрдү. Иш-чаранын максаты, мекенибиздеги бизнес -уюмдарынын, финансылык мекемелердин жана социалдык ишкерлердин, ошондой эле коомчулуктун көңүлүн онкология ооруларынан алдына алуу чаралары жана жабыр тарткандарды сапаттуу дарылоого буруу болду.


Жолугушууда: «Апаке» Коомдук Фондунун Көзөмөлдөө Кеңешинин төрагасы, Борборду куруу боюнча сунуштун автору Бабур Тольбаев , КР’нын  Вице-Премьер министри  Чолпон Султанбекова, Улуттук Банктын башкаруу төрагасы Толкунбек Абдыгулов , онкология жана радиология биримдигинин жетекчиси Индира Кудайбергенова  жана ошондой эле Кыргыз -Орус ϴнүгүү Фондунун өкүлдөрү менен  социалдык  жеке ишкерлер  чыгып сүйлөдү.


Бүгүнкү  иш-чаранын катышуучулары менен кабарчылар  долбоордун бизнес  планы жана   каржылоочулардын  кошкон үлүшүн  жумшоонун шарттары боюнча кеңири маалымат ала алышты. 


«Нур Терапия Борборунун» долбоорунун максаты - онкология оорууларынан жабырлангандарды нур менен дарылоочу  жогорку технологиялык жабдыктар менен камсыздалган заманбап борборду куруу болуп саналат. Долбоорду ишке ашырууга, алдын ала эсептөөлөр боюнча , 10.5 млн доллар эсебинде каражат жумшалат. Ал каражаттын  2 млн долларын  финансылык мекемелер менен ишкерлерден кайра кайтарып берүү шарты менен  алуу пландалууда. Ал эми калган 8.5 млн долларды  ири эл аралык финансы институттары сунуштай алат. Заманбап «линейный ускоритель» өндүрүүчү  Varian компаниясынын  «TrueBeam TM STx» жабдыктары онкология илдети менен жабырлануучуларды жогорку сапаттагы нур менен дарылоодо  ишеничтүү, коопсуз , канаттандырарлык  жагдайды түзө алат.


«Биз Кыргызстандын бизнес өкүлчүлүктөрүнө чакырык таштадык. Бизде  жеке ишкер жараныбыздын борборду курууга  белек кылган жерибиз , жана МФО тарабынан бөлүнгөн $100 000, коммерциялык банк тараптан бөлүнгөн $100 000, социалдык ишкер тарабынан берилген $100 000 каражатыбыз бар. Андан тышкары  Борбордун имаратын кура турган курулуш компаниясы $100 000 жеңилдиктерибиз бар. Эгерде дагы 17 адам  $100 000 төлөм  киргизишсе, биз долбоорду ишке ашыруу аракетин баштайбыз», - деп  «Апаке» Коомдук Фондунун Төрагасы Бабур Тольбаев белгилеп кетти.
Бул тууралуу кеңири маалыматты dobro@apake.kg электрондук почтасы аркылуу алсаңыздар болот.

Көмөк