Фонд – Жаңы – Жер айылындагы дене тарбия дарылоо бөлмөсүнүн ачылышы

Фонд – Жаңы – Жер айылындагы дене тарбия дарылоо бөлмөсүнүн ачылышы

25 января 2019

Бүгүн, биздин Фонд Сокулук районунун  Жаңы – Жер айылындагы «Мыкты жашоого укук» аттуу мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ден – соолугун калыбына келтирүүчү Борборунун дене тарбия  дарылоо бөлмөсүнүн ачылышына келди.Бул Борбор «Экинчи кадам» социалдык долбоорунун 8 жардам алуучуларынын бирине кирет.

Биз, күнүгө кыймыл аракети чектелгендиктен жапа тартып кыйналган балдарга пайда келтиргенибизге кубанычтабыз. Бул аймакта катуу оорудан, анын ичинде кыймыл – аракет көйгөйүнөн запкы жеген 50 гө жакын бала бар.

Балдар мындан ары өзүнчө жарык жана жылуу бөлмөдө ден – соолуктарын калыбына келтире алышат.

Биз, Борбордун жетекчиси Зумрият Резахановага, жеңиш үчүн умтулган кайраты жана жашоого болгон сүйүүсү үчүн ыраазычылык билдиребиз.

Борбордун бардык жамаатына, мугалимдерге , тарбиячыларга, балдардын ата – энелерине , алардын  айкөл жүрөктөрү үчүн , ошондой эле мамлекеттик тейлөө тармактарынын өкүлдөрүнө кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдиребиз.

Майрамда бизди күтүүлбөгөн жагымдуу таттуу белек  менен тосуп алышты – бизге өз күчтөрү менен даярдалган чоң торт, колдон жасалган пано жана медаль белекке ыйгарышты!

Бардык балдар ден – соолукта болушсун!

Ар дайым аларды мээримдүү адамдар курчап турсун!

  • Долбоор жөнүндө кыскача –Дене тарбия дарылоо бөлмөсү керектүү жабдыктар менен кмсыздалып, ошону менен бирге имарат кайрадан калыбына келтирилип , электр тогун өткөрүүчү сымдар жаңылантылып , жаңы телефондор сатылып берилди.

  • Долбоордун жалпы наркы 153 473 сомду түздү.www. apake. kg

#экинчикадам #фондапаке #проектыапаке #кыргызстан #слюбовьюклюдям

Көмөк