«Апаке» Фонду Кыргызстан жана Казахстандын онколог-дарыгерлеринин жолугушуусун уюштурду

«Апаке» Фонду Кыргызстан жана Казахстандын онколог-дарыгерлеринин жолугушуусун уюштурду

21 мая 2018

«Апаке» Фонду, социалдык багыттагы «Нур терапия борбору» долбоорун өнүктүрүү алкагында иш алып барууну улантууда. Үстүбүздөгү жылдын 19-май күнү «Апаке» КФ Кыргызстан Облустар аралык Улуттук онкология борбору менен «Сункар» (Казахстан) онкология борборунун онколог – дарыгерлеринин жумушчу жолугушуусун уюштурду.

Жолугушуу учурунда эки тарап, өлкөбүздүн түштүгүндөгү онкологиялык илдеттердин абалын жана бейтаптардын дарылануусунун негизги муктаждыктарын талкуулашты.  Казахстандык дартты аныктоочу жана радиолог кесиптештер, онкология илдеттерин  аныктоо жана аны  жаңыча нур менен дарылоо тармагындагы жетишкендиктери жөнүндө ой бөлүшүп, ошону менен бирге аймактык деңгээлдеги медициналык борбордун ички түзүмүн комплекстүү башкаруу тууралуу сөз кылышты.

Биздин Фонддогу жумушчу жолугушуудан кийин , бул эки медициналык клиниканын жетекчилери, эки шаардын онкология борборлорундагы эмгектенген башка дагы дарыгерлери менен бирдикте кеңири жолугушуу өткөрүүнү жана жакынкы күндөрдө Ош жана Алматы шаарларындагы онкология борборлоруна барып, Кыргызстандагы дарыланууга муктаж бейтаптардын көйгөйлөрүн карап чыгып , аларга өз ара жардам берүү мүмкүндүктөрүн изилдеп чыгууну чечишти.

Көмөк