Ат-Башы айылындагы балдар бакчасы кышка даяр!
07 сентября 2020
Объект аяктады
Ат-Башы айылындагы бул имарат оңдоп-түзөөгө берилген. Буга чейин балдарга тазалык үчүн шарттар болгон эмес. Бардык балдар жана тарбиячылар сырттагы суусу, жылуулугу жок дааратканаларды колдонуп келишкен. Азыр болсо бала бакчанын имаратында атайын жылууланган бөлмөгө балдарга арналган унитаздар, суу түтүгү менен орнотулган.
Долбоордун жалпы суммасы-372 540 сом. Анын 150 миң сомун жергиликтүү айыл өкмөтү бөлүп берди.
Биригип кылган аракеттердин жыйынтыгы менен, эми балдар жылуу, ыңгайлуу шартта тарбияланышат! Бардык донорлорго жардамы жана Фондго көрсөткөн ишеними үчүн ыраазычылык билдиребиз! Мындан сырткары, “М Булак” компаниясынын регионалдык менеджерлери Адилет Иманкуловго жана Бактыбек Базарбаевге долбоорду ишке ашыруудагы активдүү кызматташуусу үчүн ыраазычылык билдиребиз!
#АпакеФондунунДолбоору #ҮчүнчүКадам #Кыргызстан #СЛюбовьюКЛюдям