Биринчи кадам- Чүй облусунун Сокулук районуна багыт алды!

Биринчи кадам- Чүй облусунун Сокулук районуна багыт алды!

29 июня 2018

2018-жылдын 25-июнунда , биздин Фонд , социалдык долбоорубузга кирген кезектеги өтүнүчтү ишке ашырды.  Сокулук райондук ооруканасы тамак даярдоочу электр казанын белекке алды.

Мындан ары ооруканада дарыланышып жаткан бейтаптар, сапаттуу тамак-аш менен үзгүлтүксүз камсыз болушмакчы.

Сокулук аймактык ооруканасы жылына 10 000 ден ашык бейтаптарды кабыл алат.

Буга чейинки ашканада тамак даярдоочу казан 1974-жылы чыгарылып, эскилиги жеткендиктен тез-тез бузулуп, жалпы бейтаптарга, өзгөчө диеталык тамактанууга муктаж адамдарга , оорукана тарабынан толук сапаттуу медициналык тейлөө көрсөтүү үзгүлтүккө учурап келген.

Биз бейтаптарга гана эмес, медициналык мекеменин адистерине дагы  пайда келтиргенибизге чын дилибизден кубанабыз.

 Жалпыңыздарга ден-соолугуңуздарга кам көрүп, турмуштун ырахатын көрүүңүздөрдү каалайбыз!

Биз,  медициналык тейлөөнүн сапатын жакшыртуу үчүн, өз каалоолору менен кайрымдуулук көрсөтүшкөн Фонддун социалдык колдоочуларына  терең ыраазычылык  билдиребиз!

 

Көмөк