АРУУЗАТТЫ сактап калдык!

АРУУЗАТТЫ сактап калдык!

23 августа 2022

«Апаке» Фонду Аруузатты сактап калуу тууралуу кубанычтуу кабар менен бөлүшөт!

 2022-жылдын 22-августунда кичинекей кыз эң кымбат жана эң натыйжалуу уколду алды!

Аруузатты жана анын ата-энесин наристени сактап калуу үчүн көптөн күткөн Золгенсма уколун алышы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Кыздын тезирээк сакайып кетишин жана бүтүндөй Ташматовдордун ытымактуу үй-бүлөсүнө бактылуу турмуш каалайбыз!

Урматтуу биздин донорлор! Биргелешип каалаган максатка жетсек болот, эң негизгиси жакыныңызга болгон ишеним, үмүт жана сүйүү! Жалпы кайрымдуулук каражатын чогултуу учурунда кайрымдуулук кылганыңыздар үчүн ырахмат!

Бабур Тольбаевге жалпы каражат чогултууга кошкон каржылык салымы жана Аруузатты сактап калуу үчүн коомдук акча чогултуу учурунда активдүү моралдык колдоосу үчүн ыраазычылык билдиребиз!

Сейрек кездешүүчү СMA (жүлүн булчуңдарынын атрофиясы) оорусу менен ооруган Аруузаттын ата-энеси краудфандинг боюнча жардам сурап Фонддун Байкоочу Кеңешинин Төрагасы БабурТольбаевге кайрылышканын эсиңиздерге сала кетмекчибиз. Биздин фонд донорлордун алдында эсепти жана ачык отчеттуулукту камсыз кылуу үчүн өзүнүн краудфандинг аянтчасын сунуш кылды.

Аруузат Ташматованы сактап калуу үчүн биз марафонго катышкан жалпы мезгил ичинде, “Апаке” фондунун донорлорунан чогултулган жалпы сумма 1 824 877 сомду түзүп, кыздын ата-энесине которулду, анын 1 млн сомун Бабур Тольбаев өз каражатынан берди.

"Апаке" менен биргеликте жакшы иштерди чогуу жасайбыз!

Көмөк