АПАКЕ-Optima24

АПАКЕ-Optima24

02 ноября 2023

Урматтуу биздин кайрымдуу жарандарыбыз!
Бизге ишенип жана ишибизге колдоо көрсөткөн ар бириңиздерге ыраазычылык билдиребиз. Биз өзүбүздүн принциптерге баш ийип, каражат чогултууда ачыктык жана айкындуулук үчүн бардык шарттарды түзөбүз. Эми “Апаке” Optima24 уюлдук тиркемесинин “Кайрымдуулук” бөлүмүндө да бар. Сиздер тез жана оперативдүү, комиссиясыз кайрымдуулук кыла аласыздар. Сиздер бардык түшкөн каражаттарды онлайн режиминде биздин www.apake.kg сайтынын “Отчёт берүү” бөлүмүнөн көрө аласыздар!
Мындан тышкары, "Апаке" логотиби "Оптима" төлөм терминалдарында да бар. Оптима банкы менен болгон өнөктөштүгүбүздүн аркасында бул транзакциялар да кардарлардын комиссияларынан бошотулган!
Сиздерге ишенимиңиздер жана Кыргызстан үчүн жакшы иштерди жасоого болгон каалооңуздар үчүн ыраазычылык билдиребиз!

Көмөк