Куттуктайбыз! Кызыл – Кыя шаарындагы обьект ишке киргизилди!

Куттуктайбыз! Кызыл – Кыя шаарындагы обьект ишке киргизилди!

06 февраля 2019

«Аленка» балдар бакчасынын тарбиялануучулары менен кызматкерлерине кыш ызгаары коркунучтуу эмес, мындан ары алар бала бакчада убактыларын ыңгайлуу өткөрө алышат жана таза гигиеналык шарттарга ээ.

Арыз ээси - Нурматова Шохидага ыраазычылык билдиребиз,сиз азаматсыз! Сизге, демилгеңиз жана бул долбоорду ишке ашырууда активдүү көрсөткөн көмөгүңүз үчүн ырахмат. Балдар бакчасынын администрациясына ,жалпы ата – энелерге , бул долбоорду колдогондугу үчүн ыраазычылык билдиребиз. Кызыл-Кыя шаардык мэриясына, каржылык көмөгү,тандам жүрүшүн уюштурууда  жана курулуш иштерин жүргүзүүдөгү жардамы үчүн ыраазыбыз. Кымбаттуу биздин салым кошуучулар, сиздердин каржылык көмөгүңүздөр, балдар бакчасынын 140 тарбиялануучуларына жана ата – энелери менен бакчанын кызматкерлерине жумуш күндөрүнүн шартын жакшыртты.

Долбоор тууралуу кыскача айта кетсек – бул, шаардагы, жылуулатылган дааратканасы жок,кол жуучу жуунмалары жана суу түтүгүнө кошулган балдар үчүн атайын даараттамасыз, канализациясыз иштеген жападан жалгыз балдар бакчасы.

Короодогу даараткана алыс жайгашкандыктан, балдарга дааратканага ачык аянт аркылуу барууга туура келген, бул кыш мезгилинде өтө ыңгайсыз. Долбоордун наркы – 1 102 592 сомду түзүп, анын  560 700 сомун «Апаке» Фонду көтөрдү жана 541 892 сомун мэрия көтөрдү.

#экинчикадам #проектыапаке #фондапаке #слюбовьюклюдям

 

Көмөк