М БУЛАКТЫН САЛЫМЫ

«М Булак» компаниясы «Апаке» коомдук фондунун башкы өнөктөшү болуп саналат. «М Булактын» колдоосу менен фонддун иши үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. «М Булак» - микрокаржылоо тармагында чоң тажрыйбага ээ,  дасыккан адистерден турган, жогорку коомдук – социалдык жоопкерчиликтүү, прогрессивдүү жана ийгиликтүү команда.

«М Булак», фондду, кайрымдуулук жана өз эрки менен берилген түз салымдар аркылуу колдоп келет.  «М Булак» компаниясынын миссиясында белгиленгендей, компаниянын кызматкерлери «Апаке» фондунун демилгелерине катыштыгы бар экенин сезе билишип, анын өнүгүүсүнө  колунан келген салымын кошуп келишет: мисалы, компаниянын ар бир кызматкери ай сайын фонддун уставдык максаттарына өз каалоолору менен салым кошуп жана долбоорлорду ишке ашырууга активдүү катышышат.

"М Булактын" 2021-2022-жылдарга кошкон салымы, бул жерден көрүңүз!

«М Булактын» каражаттары , фонддун социалдык долбоорлорун каржылоону камсыздайт, ал эми компаниянын адистери фонддун учурдагы тапшырмаларын ишке ашырууда уюштуруу иштерине түздөн түз көмөк көрсөтүшөт. «Апаке» фондунун иштеринде, «М Булактын» интеллектуалдык, материалдык, техникалык жана жарандык ресурстарынын бардыгы колдонулат.

Аймактык менеджерлерибиз, өлкөбүздүн алыскы жерлериндеги долбоорлорду , жеринде ийгиликтүү ишке ашырууга жардам беришет. Компаниянын эң мыкты адистери, долбоорлорду ишке ашырууда юридикалык жана административдик колдоо көрсөтүшсө, жетекчилиги фонддун баштапкы иш – кагаздарын иштеп чыгууда кеңештерин беришет.

«Апаке» фонду –  салымдарды чогултуунун коллективдүү, айкындуу аянтчасы гана болбостон, тажрыйбалуулугу менен чыңдалган, социалдык жоопкерчилиги бийик, кесипкөй адамдардын бүтүндөй бир кыймылы болуп эсептелет.

Көмөк