Жеенбек Мукамбетов

«Мен «Апаке» Фондунун Көзөмөлдөө Кеңешине катышууга макул болушумдун себеби, ар кандай жардамга муктаж адамдарга кайрымдуулук көрсөтүүнүн эң сонун мүмкүнчүлүгү келди деп ойлойм.
Мен өзүм спорт адамы болгондуктан, биздин өлкөдө мамлекетибизди жогорку деңгээлге чыгарууга жөндөмдүү көптөгөн жаштар бар экендигин билем. Жер шаарынын көптөгөн бурчунда болсом дагы, биздин жерибиздин кереметтигине ынанам.
Биздин адамдарыбыз, тамагыбыз, жаратылышыбыз - өзгөчө. Кыргыздар - эсептешүүнү, кек сактоону билбеген жүрөгү таза, боорукер адамдар. Менин тилегим - өнүгүп, өскөн Кыргызстан.
Бүгүнкү күндө көпчүлүк адамдар жалганга ширелип калышкан, бул экономика жаатында пайдасыз . Андан көрө адамдыктан тайбаган оң. «Апаке» сыяктуу фонддор абдан маанилүү, анткени ири чөлкөмдөгү маселелер чечилбесе дагы, турмуштагы эң курч көйгөйлөрдү чечсе болот. «Суу ташты дагы жылмалайт» эмеспи .
Менин сүйүктүү цитаталарымдын бири: «тикенектүү жолдордон жылдыздарга карай»».
Жеенбек Мукамбетов Кыргыз Мамлекеттик Университетинин тарых факультетин аяктаган, андан соң Ломоносов атындагы Москва Мамлекеттик Университетинин философия факультетинде билим алган .
1992-1997 жж. Кыргыз Республикасынын Олимпиада Академиясынын вице-президенти. 1997-2011 жж. Кыргыз улуттук армрестлинг федерациясынын президенти (КУАФ).
- жж. 92 өлкөдөн турган Азия армрестлинг федерациясынын (ААФ) вице – президенти.
2011ж. - азыркы учурда Кыргыз Республикасынын калыстарды тандоо Кеңешинин мүчөсү .
Жеенбек Мукамбетов – 2007-2013 жж. аралыгындагы «Кыргыз Республикасынын эң мыкты тренери» наамынын ээси.
Эл аралык класстагы спорттун чебери, эл аралык категориядагы калыс, армрестлинг боюнча Дүйнөнүн жана Азиянын 7 жолку чемпиону, II дан , таэквандо боюнча ITF кара курдун ээси.
Дүйнөлүк Джон Мидзияк (WAF) армрестлингинин 2015- жылдагы эң жогорку сыйлыгы, WAF алтын медалынын ээси.