Динара Аляева

Биздин коом үчүн олуттуу социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган ар бир фонддун иши маанилүү. Мен Кыргызстандагы абалы оор балдардын дарылануусун, жашоосун жакшыртууну өзүмдүн миссиям деп эсептейм. Бул бүгүнкү күндөгү эң маанилүү жүрөк өйүткөн маселе.
«Помогать легко» Коомдук Фондунда иштеген 3 жыл ичинде мен кайрымдуулук жана кампаниянын ишин алдыга жылдыруу жаатында баа жеткис тажрыйбага ээ болдум.
Мага , Далай Ламанын: « ийгиликтерди жаратуу үчүн эмнелерден баш тартканыңды эсте» (Judge your success by what you had to give up in order to get it) деген насааты жагат.
Динара Аляева - К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл Мамлекеттик Университетинин Тарых жана Саясий илимдер факультетинин «социалдык – экономикалык тартиптер» бөлүмүн аяктаган.
2013-2015 жж. «Ишеним» Кредиттик-Маалымат бюросунда бөлүмдүн өнүгүшүнүн жетекчиси болуп иштеген.2014-жылдан азыркы учурга чейин «Помогать легко» коомдук фондунун Аткаруучу Директору жана 2015-жылдын октябрь айынан бери «Первый детский хоспис » Коомдук Кайрымдуулук Фондунун негиздөөчүсү жана Президенти. 2016-жылы Кыргызстандын Спутник рейтинги боюнча Кыргызстандагы беделдүү 20 коомдук ишмерлердин катарына кирген.