Чынгыз Алиев

Чынгыз Алиев

"Башкаларга жардам берүү - дайыма мен үчүн, ар бир адамдын жан дилинин ажырагыс бөлүгү болуп эсептелген, табигый каалоом болуп саналат.  Мен адамдарга мынчалык зор өлчөмдө эмес, жекече жардам берип келгем.   Нур Терапия Борбору долбоорунун идеясы менен таанышкандан кийин, анын социалдык маанилүүлүгү жана бул долбоор киреше табуу максатында эмес, коомдун пайдасына кызмат кылаарын укканда, мен Тольбаев Бабур Латихановичтин Нур Терапия Борборун, Генералдык Директор катары жетектеп берүү сунушуна дароо макул болдум. Бул адамдарга системалуу , машстабдуу жардам берүү мүмкүнчүлүгү эмеспи. Мына ушул эл жыргалчылыгына арналган иште менин жетекчилик тажрыйбамдын кереги тийди. Биздин "Апаке" фондунун, бийик  абройлуу Б. Тольбаев башында турган,  кайратман, өз ишине берилген, кесипкөй адамдардан турган  командасы да бир кыйла маанилүү. 
"Апаке" фондунун командасы, алдыдагы белгиленген долбоорлордун баарын ишке ашырып, коомчулуктун алдында  өз миссиясын жана элдин үмүтүн аткарса экен деп Кудайдан тиленем.

Чынгыз Алиев Эл аралык Университетинин (МУК) экономика факультетин жана АУПКРдын магистратурасын аяктаган. Банктык сферада 11 жыл эмгектенип, үйрөнчүк адистиктен уюмдук каржылоо Башкармалыгынын жетекчиси жана Банктын  Филиалынын директорлугуна чейин жеткен.

@Chingiz Aliev instagram

@Chingiz Aliev facebook

@Chingiz Aliev youtube

@Chingiz Aliev telegram

Көмөк