Эльдияр Кененсаров

Эльдияр Кененсаров

«Мен  «Апаке » Фондунун  турмушуна  катышкым  келген  себебим фонд  менин  адамдарга  жардам  берүү  ниетимди  туура  жолго  салуу  мүмкүнчүлүгүн   жаратат . Кээ бир  учурда  адамдарга  ой-максаттарын,  турмушта  каалаган  нерселерин  жүзөгө  ашырууга  моралдык ,  материалдык  колдоо жетишпейт . Эгерде  мындай  адамдар  өз  учурунда  жардам  ала алса  өздөрүнүн  ишмердигин  өнүктүрүп  кетишет .


Мен  биздин  фонддун  мына ушундай  адамдардын  кең  жолунда  биринчи  баскыч  болооруна  ишенем . 
Мага  Джон  Кеннединин  «Мага  мамлекет  эмне  кылып  бере  алат  деп  суроодон  мурда,  сен  өзүңдөн   мамлекет  үчүн  эмне  жасай  алам  - деп сура» - деген  сөзү  абдан  жакын.


Турмушта  кандайдыр  бир  бийиктиктерди  багынткандан  кийин,  сен  өз  жолдошторуңдун  да  ошол бийиктикке  чыгуусуна  жардам  беришиң  керек. 


Сөз  бул  каалгыган  түшүнүк , чындыгында  ал  жок , бирок  ал  мага пайдалуу  иштерди  ишке  ашыруума   жардам  берет .
Мен  ийгиликке  умтулган  адам  анын  жолдорун  издейт, ал эми  умтулбагандар  актануу  жолун издешет  деп  ойлойм . 
ϴзүңдүн  сүйүктүү  кесибиң менен  күйүп жанып алектенүү  мен  үчүн  эң  сонун  эргүү». 


Эльдияр  Кененсаров  Кыргыз -Орус  Славян  Университетинин  «Финансы  жана  Кредит » бөлүмүн  аяктаган . Мектепте  окуп  жүргөн  кезинде  эле КВНдин  чоң  сахнасында  ойноону  самоочу .   


«KG CLUB Production»  жана  «mC2»  Креативдик  агентствосун  жетектейт .
«Большие  люди» (Кыргызстан, Казахстан , 2010-2013 ) атактуу  комедиялык скетч – шоунун    жана  «Большие люди. Жол  Inclusive» (Кыргызстан, 2014 ) көркөм фильминин  автору ,  продюсери  , сценаристи  жана  режиссеру .  «Общага »  (Кыргызстан, 2013 ) жана  «Адалиты» 
(Казахстан , 2016 ) аттуу атактуу  сериалдардын  автору, сценаристи  жана продюсери .
2009-жылы Эльдияр  Кененсаров   жергиликтүү  КВНдин  «Asia MIX», кийинчерээк  «Ала Тоо» 
КВН Лигасы  деп  өзгөртүлгөн  жана  2012-жылы  Эл аралык  КВН  Союзунун Регионалдык  Лигасы  деген официалдуу  статуска  ээ  болгон,  Кыргызстандагы  жападан  жалгыз лига командасын  түзгөн . 2016-жылы  КВНдын  Азия  командаларынын  тарыхында  биринчи  жолу  Жогорку  Лиганын  чемпиону   болгон  «Asia MIX»  командасынын  капитаны .
2016-жылы «Кыргыз  Республикасынын  маданиятына  эмгек  сиңирген  ишмер» ардак  наамы  менен  жана  «Данакер» ( «Asia MIX» командасынын  алкагында ) Ордени менен  сыйланган .
Сыйлыкты Кыргыз  Республикасынын Президенти  Алмазбек  Атамбаев  тапшырган

@Eldiyar Kenensarov instagram

@Eldiyar Kenensarov facebook

@Eldiyar Kenensarov youtube

@Eldiyar Kenensarov telegram

Көмөк