«Апакенин» иши жөнүндө отчет 2021–2022

ТОЛУК МЕЗГИЛ ИЧИНДЕГИ ЖАЛПЫ КӨРСӨТКҮЧТӨР (2017–2022)

БИЗДИН ДОЛБООРЛОР 2021–2022

1. «Мугалим» долбоору

Мугалимдерди даярдоочу онлайн мектеп.

Мугалимдерди даярдоодогу жаңы технологиялар Кыргызстанда билим берүүнүн сапатын жогорулатат.

“Мугалимдин” жаңы коомчулугуна 265ке жакын мугалим кирди.

Долбоордун жалпы баасы 520 миң сомду түзөт.

Долбоордун жыйынтыгы тууралуу бул жерден окуй аласыздар!

«Салам.Ру» долбоору

Балдар жана чоңдор үчүн орус тилин окутуу курстары.

Кыргызстандын түштүк аймактарында балдар жана чоңдор үчүн орус тилинде кошумча билим берүү өнүгүп жатат.

“Салам.Ру” менен бирге 190дон ашык адам билимин өркүндөтүүдө.

Долбоорду өнүктүрүүгө жалпы чыгым 705 миң сомду түзөт.

Долбоордун жыйынтыгы тууралуу кененирээк бул жерден окуй аласыздар!

1. «Мен үчүн шахмат – бул!» долбоору

Шахмат боюнча мыкты дил баян үчүн коомдук сынак.

Шахматка болгон кызыгуусун билдиргиси келген жана сейрек кездешүүчү дарттан (жүлүн булчуңдардын атрофиясы) жапа чеккен кичинекей жараныбыз Аруузатты сактап калуу үчүн боорукердик кыймылдын мүчөсү болууну каалагандарга “Мен үчүн шахмат - бул” аттуу мыкты дил баянга сынак жарыяладык.

Бизге, Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан 258 дилбаян келип түштү.

Эң мыкты дилбаян жана сүрөт боюнча эки чыгармачылык долбоордун баасы бардык чыгымдарды, байге фондун жана салыктарды кошкондо 276 348 сомду түздү

Долбоордун жыйынтыгы тууралуу бул жерден окуңуздар!

Эки сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземин, ошондой эле фото/видео материалдарды бул жерден көрүүгө болот!

2. «Шахмат сүрөтчүнүн көзү менен» долбоору

Шахмат темасында мыкты сүрөт тартуу боюнча социалдык сынак.

Бул долбоор өлкөбүздүн тургундарынын мектепке чейинки курактагы балдардан тартып пенсионерлерге чейин, шахмат ойноо маданиятына көңүлүн бурууга, чыгармачылык фантазиясын өнүктүрүүгө, эстетикалык чыгармачылыкка шыктандырууга мүмкүндүк берди. Эң жаш катышуучу - 5 жашта. Эң улуу катышуучу - 70 жашта.

Бул эки долбоордун баасы бардык чыгымдарды, байге фондун жана салыктарды эске алганда 276 348 сомду түзөт.

Долбоордун жыйынтыгы тууралуу кененирээк бул жерден окуй аласыздар!

Эки сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземин, ошондой эле фото/видео материалдарды бул жерден көрүүгө болот!

3. «Шахмат дүйнөсү» китеби

Эки сынактын жеңүүчүлөрүнүн мыкты дил баяндары жана сүрөттөрү камтылган жыйнак.

Фонд эки сынактын жыйынтыгы боюнча биздин сынактын катышуучуларынын таланттуу иштеринин чыныгы кампасына ээ болду, биз аларды бир басма Жыйнакка чогулттук.

Электрондук китепти бул жерден көрүүгө болот! Китептин басылма нускасын белекке же байге үчүн биздин фонддон сатып алсаңыздар болот.

Китептердин жалпы саны 520 нусканы түзөт.

Жыйнакты басып чыгаруунун баасы 301 миң 600 сомду түзөт.

Кыргыз Шахмат Союзу менен өнөктөштүк

2022-жылы жайында Укулхас (Мальдив аралдары) аралында 8-18 жаштагы балдар арасындагы Батыш Азия чемпионаты өттү. Биздин республиканы Кыргызстандын балдар жана өспүрүмдөр командасынан 12 шахматчы коргоду.

Чемпионаттын жыйынтыгы менен Кыргызстандын курама командасы 13 медалга ээ болду. Долбоор жөнүндө кененирээк маалымат - бул жерде!

Шахмат коомчулугунун бул чоң иш чарасынын жол акысын биздин фонд көтөрдү. Демөөрчүлүктүн жалпы баасы 1 000 000 сомду түздү.

1. «Аруузатты сактап калалы!» долбоору

Баланын оор дартына жардам берүүчү уникалдуу Zolgensma дарысын сатып алуу үчүн кайрымдуулук каражатын чогултуу.

Наристенин ата-энесинин Кыргызстан боюнча уюштурган кайрымдуулук марафонуна “Апаке” кошулду.

Бардык чогултуулардын жыйынтыгы менен 1000ден ашык адамдан түшкөн жардамдын жалпы суммасы 1 825 461 сомду түзүп, кыздын ата-энесине которулду!

2. Кыргыз Азиздер Федерациясы менен өнөктөштүк

Көзү азиз спортчунун пара-триатлон боюнча эл аралык чемпионаттарга катышуусун колдоо үчүн демөөрчүлүк.

Кыргызстандын биринчи пара спортчусу Жалалдин Абдувалиев Испанияда өткөн Дүйнө Чемпионатында пара дуатлон боюнча Күмүш Чемпиону болду.

Словакияда өткөн Дүйнөлүк Чемпионатта биздин спортчу 1-орунду алып, пара-триатлон боюнча алыскы аралыкка Дүйнө Чемпиону болду.

Демөөрчүлүктүн жалпы суммасы - 265 322 сомду түздү.

3. Муктаждар үчүн дары-дармектер

Кыргызстандын медициналык мекемелерине дары-дармек менен гуманитардык колдоо көрсөтүү.

Кыргызстанда коронавирустук инфекциянын кезектеги толкунуна байланыштуу, ошондой эле алыскы аймактардагы балдарды реабилитациялоо бөлүмдөрүнө, онкологиялык оорулууларга, ошондой эле дарыланууга муктаж аз камсыз болгон жарандарга колдоо көрсөтүү максатында биз, Кадамжай аралаш психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинин (СМУ) кайрылуусун колдодук, Баткен үй-бүлөлүк дарыгерлер Борборуна гуманитардык жардам көрсөтүп, Чолпон-Ата шаарындагы «Алтын Балалык» ден соолукту чыңдоочу жана реабилитациялык Борборунун ачылышында дары-дармектерден жардам бердик жана ошондой эле Бишкектеги Улуттук Онкология жана Гематология Борборунун (БУОГБ) кайрылуусун колдодук.

Жардам алгандардын жалпы саны 1466га жакын адамды түздү. Дары-дармекке муктаж балдарга жана чоңдорго гуманитардык жардамдын жалпы суммасы 3 664 490 сомду түздү.

ФОНДДУН ОПЕРАЦИЯЛЫК ИШТЕРИ 2021–2022

«Апаке» коомдук Фонду Кыргызстандын социалдык турмушун жакшыртуу боюнча Миссиясын улантууда. Социалдык долбоорлорду ишке ашырууга багытталган биздин бардык иш-аракеттерибиз сиздердин, урматтуу Кыргызстандын жарандарынын жана бизнес-коомчулугунун кайрымдуулук каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат!

Учурда биздин фонддо автоматтык түрдө кайрымдуулук каражаттарын чогултуу үчүн бардык техникалык шарттар түзүлгөн

Биздин өнөктөштөрдүн тизмесине төмөнкүлөр кошулушту:

  1. PAY24 терминалдары
  2. Megapay электронный капчыгы
  3. Freedom Pay интернет эквайринг

Сиздерден түшкөн каражаттардын ачыктыгын камсыз кылуу үчүн биз заманбап төлөм системасынын технологияларын колдонуу менен кайрымдуулуктарды автоматташтырылган чогултууну жана отчеттуулукту уюштурдук.

Фонддун ченемдик документтери

Биздин ишибиздин башкы принциби — объективдүүлүк. Сынактарды өткөрүүдө, конкурсанттарды баалоодо, сынактын жеңүүчүлөрүн тандоодо биз фонддун атайын ченемдик-укуктук документинде бекитилген так процедураларды жана критерийлерди карманабыз.

ФОНДДУН БАШКЫ ӨНӨКТӨШҮ

«Апаке» коомдук фонду Кыргызстандын социалдык турмушун жакшыртуу үчүн КЫЗМАТТАШУУГА таянат. Социалдык долбоорлорду ишке ашырууга багытталган биздин бардык иш-аракеттерибиз сиздердин, урматтуу Кыргызстандын жарандарынын жана бизнес-коомчулугунун элдик кайрымдуулук каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат! Биздин фонддун башкы демөөрчүсү, башкы өнөктөшү «М Булак» микрофинансылык компаниясы. «М Булактын» социалдык багыттагы баалуулуктарын карманып, компаниянын ар бир кызматкери «Апаке» фондунун идеяларына өзүнүн катыштыгы бар экенин сезет жана анын өнүгүшүнө өзүнүн салымын кошот: компаниянын ар бир кызматкери, фонддун уставдык максаттарына ай сайын өздөрүнүн ыктыярдуу салымын кошот жана «Апакенин» долбоорлорун ишке ашырууга активдүү катышышат

ТЫШКЫ АУДИТ

Фонддун тышкы аудити – бул көз карандысыз аудитордун, уюмдун финансылык абалы жөнүндө профессионалдуу корутундусу. Ошондой эле, тышкы эксперттер акча каражаттарынын агымын, финансылык натыйжаларды талдап жана тиешелүү отчетторду даярдоодон тышкары, тышкы аудит биз үчүн биринчи кезекте сиздердин алдыңыздардагы ИШИБИЗДИН АЧЫК-АЙКЫНДУУЛУГУ, биздин урматтуу жардам берүүчүлөр! Ишенимиңиздер жана жакшы иштерге катышканыңыздар үчүн сиздерге ырахмат! 2020-2021-жылдар үчүн эксперттик отчет - бул жерде!

Өткөн жылдардагы айлык, жылдык отчеттор менен бул жерден таанышууга болот!

Көмөк