• ok
  • fb
  • vk
  • vk
  • vk

Кызыл – Кыя шаарындагы балдар бакчасында жылуулатылган даараткана жок.

Кызыл – Кыя шаарындагы балдар бакчасында жылуулатылган даараткана жок.

Кызыл – Кыя шаарындагы балдар бакчасындагы балдар үчүн жылуулатылган даараткана куруп берсек, 140 ка жакын балдардын ата – энелери дагы бактылуу болушат.  Бүгүнкү күндөгү балдар бакчасы,  1938 – жылдары курулуп, көптөгөн, бири бирине жабыша салынган имараттардан турат, жана ал жерде оңдоп – түзөө иштери акыркы жолу 1977 – жылы жүргүзүлгөн. Бул шаардагы, канализациясыз жана жылуулатылган даараткаасы жок, кол жуучу жайсыз, ошондой эле даараттамасы суу түтүксүз, жападан жалгыз балдар бакчасы. Короодогу даараткана алыс жана ачык аянтта жайгашкандыктан, өзгөчө кыш мезгилинде балдарга ыңгайсыздыкты жаратат. 40 жылдан ашык убакыттан бери балдар бакчасы керектүү жардам алган эмес.

«Апаке», бөбөктөр үчүн, сыртка чыкпай турган, жылуулатылган жаңы даараткана куруп берет.

Бул ишти жүзөгө ашырууда бизге көмөктөшкөн, өзүнүн кажырдуулугу жана «боорукер жүрөгү» менен жергиликтүү шаардык бийликтин колдоосуна арзып, канализация менен суу түтүгүн орнотууга кете турган чыгымды мэрия өз мойнуна ала тургандыгына жетишкен, обьекттин Демилгечиси болду. Мындан тышкары, балдар бакчанын тарбиячылары, башчысы жана ата – энелер дагы имаратты оңдоп – түзөө иштерин жүргүзүүгө бардык шарттарды түзүп беришмекчи.

Көмөк