PAY24 - биз менен!

PAY24 - биз менен!

16 ноября 2021

Урматтуу окурмандар жана донорлор! Өзүңүздөр билгендей, биздин ишибиз элдик кайрымдуулуктун эсебинен жүргүзүлөт. Отчеттун ачык-айкындуулугу үчүн, биз накталай эмес төлөм системаларынын заманбап технологияларын колдонобуз.

Биздин фондубуз Кыргыз Республикасында төлөмдөрдү кабыл алуу тармагындагы лидер, төлөм системасында динамикалуу өнүгүп келе жаткан «Pay24» терминалдары менен кызматташа баштагандыгыбызды сиздерге билдирип кеткибиз келет.

Сиздер "Pay24" терминалдары аркылуу өлкөнүн каалаган жеринен "Апакенин" социалдык долбоорлоруна кайрымдуулук жардамын бере аласыздар. "Кайрымдуулук" бөлүмүндө биздин логотип жайгашкан.

Андан кийин, сиз өзүңүздүң маалыматтарыңызды толтуруп жана колуңуздан келген жардамды фонддун эсебине түздөн-түз которсоңуз болот.

Бардык транзакциялар www.apake.kg сайты менен интеграцияланган. Сиздин төлөмдөрүңүз жеке маалыматтарды сактоо менен онлайн режиминде көрсөтүлөт!
Биз, өнөктөшүбүз «Pay24»кө комиссиясыз кызмат көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Урматтуу донорлор, бизге көрсөткөн ишенимиңиздер жана "Апакенин" кайрымдуулук иштерине катышканыңыздар үчүн сиздерге ырахмат!

Көмөк