Кыргыз Шахмат Союзу менен өнөктөштүк_2023

Кыргыз Шахмат Союзу менен өнөктөштүк_2023

31 января 2024

Эркектер жана аялдар арасындагы шахмат боюнча Кыргыз Республикасынын Чемпионатынын суперфиналы - 2023

27-апрель – 9-май, 2023-жыл, Бишкек ш.
2023-жылдын 27-апрелинен 9-майына чейин Кыргыз шахмат союзунун кеңсесинде эркектер жана аялдар арасында шахмат боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионатынын суперфиналы болуп өттү. Турнирге өлкөнүн 24 мыкты шахматчысы: 12 эркек жана 12 аял катышты. Жалпы байге фонду 315 000 сомду түздү.

Турнирдин жыйынтыгы боюнча 2023-жылга чемпиондор жана Кыргыз Республикасынын шахмат боюнча курама командасынын курамы аныкталды.

Эркектер арасындагы суперфиналдын жыйынтыгы:

  1. Орозбаев Элдияр (FM – ФИДЕ мастери)
  2. Төлөгөн Тегин Семетей (IM – Эл аралык мастер)
  3. Съездбеков Руслан (FM – ФИДЕ мастери)
  4. Марков Михаил (IM – Эл аралык мастер)
  5. Абдыжапар Асылбек (IM – Эл аралык мастер)

Аялдар арасындагы суперфиналдын жыйынтыгы

  1. Советбекова Нурай (WFM – аялдар арасында ФИДЕ мастери)
  2. Лесбекова Асель (WCM - аялдар арасында спорт мастерине талапкер)
  3. Абаева Аяна
  4. Заирбек кызы Бегимай (WFM – аялдар арасында ФИДЕ мастери)
  5. Съездбекова Айжан

 Жалпы билим берүү уюмдарынын командаларынын арасында шахмат боюнча «Белая ладья» бүткүл россиялык ачык мелдеши - 2023

2023-жылдын 1-июнунан 11-июнуна чейин Сочиде шахмат боюнча эл аралык “Белая ладья” турнири өттү. Кыргызстандын курама командасынын атынан:

  • 1 доска – Кеңешбеков Элим
  • 2 доска – Зарылыков Эрхан
  • 3 доска – Ибраимов Дастан
  • 4 доска – Бердибаева Эдиса

9 турдун жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын командасы 87 команданын ичинен 13-орунду ээледи. Билет сатып алуу үчүн жол киреге 114 миң 267 сом бөлүнгөн.


Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана кыздар арасында Кыргыз Республикасынын шахмат боюнча чемпионаты - 2023

Чемпионат 2023-жылдын 14-майында Бишкек шаарында болуп өттү жана үч категорияга бөлүндү:

  •  «А» категориясы – көрүүсү толук же жарым-жартылай жоголгон адамдар үчүн.
  •  «В» категориясы – угуусу толук же жарым-жартылай жоголгон адамдар үчүн.
  •  «С» категориясы – таяныч-кыймылы жабыркаган жана ден-соолугунун башка мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн.

Турнирдин байге фонду - 99 000 сомду түздү.


Зона 3.4 чемпионаты (Борбордук Азия)

26-май – 3-июнь, 2023-жыл, Душанбе, Тажикстан

Турнирге кыргызстандык шахматчылар катышты:

  • FM Съездбеков Руслан –2023-жылкы эркектер арасындагы Кыргыз Республикасынын чемпионатынын суперфиналынын коло байгесинин ээси.
  • Лесбекова Асель – 2023-жылы аялдардын суперфиналынын күмүш байгесинин ээси.

Алардын катышуусу үчүн билеттерди сатып алууга 75 573,90 сом бөлүнгөн.


Батыш Азиянын балдар арасындагы шахмат чемпионаты (6–18 жаш)

2023-жылдын 30-июнунан 10-июлуна чейин Кыргыз шахмат союзу «Солемар» эс алуу  Борборунда Батыш Азия Чемпионатын уюштурду. Турнирге Индия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Шри-Ланка, Бангладеш, Оман жана Орусия сыяктуу 10 өлкөдөн 250 жаш шахматчылар катышты.

Чемпионатты өткөрүү үчүн кубок, статуэтка жана медалдарга 251 миң 130 сом бөлүнгөн.


«Issyk-Kul Open - 2023» Эл аралык шахмат фестивалы

11–21-июль, 2023-жыл, «Солемар» Эс алуу Борбору

Фестивалга Австралия, Германия, Иран, Монголия, Орусия, Украина жана башка 18 өлкөдөн 250 шахматчы катышты. «А» турнирине 7 гроссмейстер, 12 эл аралык мастер жана 14 ФИДЕ мастери катышты.

Фестиваль үч топто өткөрүлдү:

  • «А» тобу –  ФИДЕ рейтинги 2000 жана андан жогору.
  •  «B» тобу –  ФИДЕ рейтинги 1700–1999.
  •  «C» тобу – рейтинги 1699 жана андан төмөн, ошондой эле шахмат сүйүүчүлөр

ФИДЕнин расмий сүрөтчүсү Анна Штурман менен башкы арбитр Ашот Вартапетяндын сапарына 120 214,72 сом бөлүнгөн.

Гроссмейстер Евгений Глейзер менен Михаил Улыбиндин катышуусундагы мастердик турнирге — 96 722,98 сом.

Турнирдин жеңүүчүлөрү:

  • «А» тобу – Хорошев Никита (Өзбекстан) жана Маликова Маржона.
  • «B» тобу – Мурадылов Байэл жана Омурбекова Диана.
  • «C» тобу – Эркинов Рустамбек жана Лаяшукурова Алтынай.
  • Үч катышуучу эл аралык мастердин нормасын аткарышты!

Фестивалдын алкагында 16-июлдан 18-июлга чейин ФИДЕ-арбитр нормасын ыйгаруу менен арбитрлер үчүн семинар өткөрүлдү.

2023-жылы бардык иш-чараларга чыгашалардын жалпы бюджети 1 071 908 сомду түздү.

Социальный проект для детей и взрослых и ЛОВЗ

Социальная помощь в обучении и развитии интеллекта

 

Поддержка женщин и девушек в социальном проекте

Благотворительный социальный проект для взрослых и детей и ЛОВЗблаготворительность для ЛОВЗ

Көмөк