«Башкача жашоону башта»! – Аракетте!

«Башкача жашоону башта»! – Аракетте!

04 февраля 2020

«Башкача жашоону башта»! – Аракетте!

Аткаруучу директор, Жүзбаева Гулназ, биринчи топтун көзү азиз адамдарын окутуудагы ийгиликтүү аткарылган иштер тууралуу  жана экинчи топко кабыл алуу жөнүндө ой бөлүштү. Долбоор боюнча жүргүзүлгөн активдүү аракеттер, балдарды, мындан ары мектептин  жана Федерациянын инфраструктурасын  өнүктүрүүгө  шыктандырганы тууралуу биз сиздер менен дагы бөлүшө кетмекчибиз. Фонд колдоого алган ар бир долбоор узак мөөнөттүүлүккө жана туруктуулукка багытталган.

Фонддун башкы  демөөрчүсү, «Мол Булак» микрофинансылык уюму, бул демилгени колдоо чечимин кабыл алгандан баштап, көзү азиз адамдарды, мектепти аяктагандан кийин ишке орнотуу максатын алдыга койгон.

Азыркы учурда, жашы жеткен көзү азиз жарандарды коомдо социалдык ыңгайлашуусу боюнча Жарым жылдык Программасынын биринчи тобунун мыкты бүтүрүүчүсү Ыманбек кызы Эльмира, бир айдан бери «Мол Булактын» чалуу Борборунда эмгектенүүдө. «Мол Булактын» АйТи иштеп чыгуучулары , чалуу Борборунун менеджерлери, Федерациянын инструкторлору жана Эльвира өзү дагы, Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын (ЛОВЗ) корпоративдик команданын мүчөсү болуп калуу кыялын ишке ашыруу үчүн көптөгөн каражат жана күч аракеттерди жумшашты. Биринчи айдын натыйжасы боюнча, жаңы – оператор Эльвира, алдыңкы үч лидерлердин арасында, жана бул жыйынтык анын бонустук программасына түздөн түз таасирин тийгизмекчи!

Биздин  Фонддун Кеңешчиси, Кыргызстандагы ресторан бизнеси тармагындагы ийгиликтүү лидер, Рано Бабаджанова дагы, аталган Программанын мыкты үч бүтүрүүчүсүн Бишкектеги ресторандардын бирине жумушка орноткондугу тууралуу эсиңиздерге сала кетмекчибиз.

«Апакеге» кошулуңуздар жана биз менен бирге жакшы иштерди жаратыңыздар!

Фонд помогает ЛОВЗЛОВЗ обратились за помощью в ФондФонд помогает людям с ограниченными возможностями здоровьяБлаготворительная помощь ЛОВЗ в БишкекеСоц.проект по поддержке ЛОВЗПомощь нуждающимся в благотворительностиКаждый ЛОВЗ достоин поддержки

Көмөк