Биз 2020–2021 ТЫШКЫ АУДИТтен өттүк!

Биз  2020–2021 ТЫШКЫ АУДИТтен өттүк!

16 июня 2022

Тышкы аудит

Тышкы аудит фонд үчүн эмнени билдирет? Бул, уюмдун финансылык абалы боюнча көз карандысыз аудитордун кесиптик пикири. Ошондой эле, тышкы эксперттер акча каражаттарынын агымын, каржылык жыйынтыктарды талдап жана тиешелүү отчетторду даярдоодон тышкары, урматтуу донорлор, бул биринчи кезекте сиздердин алдыңыздарда БИЗДИН ИШИБИЗДИН АЙКЫНДУУЛУГУ! Бизге көрсөткөн ишенимиңиздер жана жакшы иштерге катышканыңыздар үчүн ырахмат!

Иштөө принциптери

Биз коомчулуктун берген баасы жана ишкердик беделибиз менен сыймыктанабыз жана ачык-айкындуулукту, калыстыкты жана ачык кызматташууну камсыз кылуу менен өз ишмердүүлүгүбүздүн принциптерин улантабыз! Биздин фонддун негизги артыкчылыгы - заманбап краудфандинг технологияларында, биздин сайтта коомдук кайрымдуулуктарды чогултуу жана максаттуу пайдалануу процессин автоматташтырууда жана интеграциялоодо.

Эл аралык аудитордук Grant Thornton компаниясына  көз карандысыз пикири жана кесипкөй сунуштары үчүн ыраазычылык билдиребиз.

Тышкы аудиттин отчету менен www.apake.kg сайтынан таанышууга болот.

благотворительная помощь фонда

 

Көмөк