ШАХМАТ БОЮНЧА ДИЛБАЯНДАР СЫНАГЫ_2022!

ШАХМАТ БОЮНЧА ДИЛБАЯНДАР СЫНАГЫ_2022!

17 января 2022

Урматтуу окуучулар, студенттер жана чоңдор!

Шахмат федерациясы @chessfederation.kg, Апаке коомдук фонду @apake.kg жана @baburtolbaev атынан “Мен үчүн шахмат…” аттуу мыкты дилбаянга сынак жарыялайбыз.
Дилбаянга шахматка болгон кызыгуусун, интеллектин көрсөткүсү келген, ошондой эле сейрек кездешүүчү ооруга (булчуңдун атрофиясы) чалдыккан Аруузатты сактап калуу үчүн жакшы кыймылдын мүчөсү болгусу келгендердин баардыгы катыша алат.
Сынактын жыйынтыгы боюнча эң мыкты тогуз жеңүүчүгө акчалай сыйлыктар тапшырылат:
1-орун – 20 000 сом
2-орун – 10 000 сом.
3-орун – 5 000 сом.
КОНКУРСТУН ЖАЛПЫ СЫЙЛЫК ФОНДУСУ 105 000 СОМ!

Сынакка катышуунун негизги шарттары:

1. Көрсөтүлгөн тема боюнча 500 сөзгө чейин WORD электрондук форматында орус же кыргыз тилдеринде дилбаян жазуу керек.
2. Дилбаянды толук аты-жөнүңүз менен сактаңыз.
3. Сынакка «Апаке» КФнын профилинин башындагы форма боюнча катталып, дилбаянды тиркеңиз.
4. Аруузат үчүн "Апаке" фондуна 50 сомдон кем эмес кайрымдуулук кылсаңыз, анда Бабур Тольбаев ар бир транзакция үчүн дагы 50 сомдон кошуп берет, башкача айтканда, которуулардын жалпы суммасы эки эсеге көбөйүшү мүмкүн. Аруузатка жардам берүү жолдору каттоо формасында көрсөтүлгөн.
5. Жардам которулгандыгы тууралуу dobro@apake.kg электрондук почтасына билдириңиз.

 

БУЛ ЖЕРДЕН КАТТАЛЫП, ДИЛБАЯНДЫ ТИРКЕСЕҢИЗ БОЛОТ!

Аруузатты колдоо маалыматтары:

  • 9417207059512938 - ЭЛКАРТ бизнес карта фонда
  • 4169 6151 8651 8050 - ОПТИМА бизнес карта фонда
  • 1280016037702903 - KICB расчетный счет фонда
  • 1180000087356386 -Demir Bank расчетный счёт фонда
  • 1091805278810115 - Optima расчетный счёт фонда

Дилбаяндарды кабыл алуунун акыркы мөөнөтү - 2022-жылдын 08-ФЕВРАЛЫ.
Сынактын жыйынтыгын 2022-жылдын 10-мартына чейин жарыялайбыз!
Жаңылыктарды Фонддун социалдык тармактарынан билсеңиз болот.
Сиздерге ийгиликтүү катышууну жана чыгармачылык жеңиштерге жетишүүнү каалайбыз!

благотворительный проект фонда Апаке по шахматам

благотворительный проект для детейпомощь детям и взрослымсоциальный проект благотворительного фонда

Благотворительная помощь ребенку

Көмөк