Үч жума бою биздин Фонд аркылуу Золгенсма дарысына 1 миллион 766 миң сом чогултулду!
19 марта 2021
Биз, бардык донорлорубузду, СМА илдетинен жапа чеккен Аруузат Ташматовага, үй-бүлөсүнө, түшүнүү менен активдүү колдоогондоруна ыраазычылык билдиребиз!
Үч жума бою биздин Фонд аркылуу Золгенсма дарысына 1 миллион 766 миң сом чогултулду!
Кыргызстандан, Россиядан жана башка өлкөлөрдөн колдогон жарандарга, ошондой эле, Байкоочу кеңештин төрагасы Бабур Тольбаев башында турган Байкоочу Кеңештин бардык мүчөлөрүнө жана биздин өнөктөштөргө, кичинекей жараныбыздын ден-соолугу үчүн болгон күрөшкө кайдыгер карабай, жардам берүү үчүн «Апаке» Коомдук Фондуна ишеним көрсөткөндүгүнө рахмат!
Мындан ары каражат чогултуу процесси, ата-энеси, Жылдыз жана Бакайдын, ошондой эле ыктыярдуу команда тарабынан узартылат.
Арузаттын ата-энесинин өтүнүчү боюнча, келечекте медициналык кызматтын провайдери менен өз ара эсептешүүлөр үчүн Фонддун жардамы керек болот. Биз бул маселени өз көзөмөлүбүзгө алууга даярбыз !! ️ Баарыңарга үмүт жана жаркын максатка жетүү үчүн талыкпастыкты көрсөткөнүңөргө рахмат! ЖАША, АРУУЗАТ! !