«Мугалим» долбоору

«Мугалим» долбоору

10 января 2023

Мугалимдерди даярдоодогу жаңы технологиялар Кыргызстанда билим берүүнүн сапатын жогорулатат.

 

2021–2022-жылдардын жыйынтыгы боюнча онлайн платформада нейропедагогика, билим берүүгө STEM мамилелерин киргизүү, санариптик педагогика жана башка багыттар боюнча 6 курс бар.

 

Бул платформада жалпысынан 265 мугалим окуп чыгышты.

Жаңы интернет-технологияларды колдонуу менен «Мугалим» мугалимдердин кесипкөй коомчулугун бириктирди, 1000ге жакын сайтты колдонуучулар, социалдык түйүндөрдө 5000ден ашык катталуучулар бар.

 

2022-жылдагы педагогика курсунун негизги чакырылган авторлорунун бири, Баткен облусунун Лейлек районундагы атайын мектептин негиздөөчүсү, азыркы учурдун биринчи мугалими, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, педагогика илимдеринин кандидаты Гапыр Мадаминов болду.

 

Келечекте “Мугалим” орус жана кыргыз тилдериндеги онлайн окутуу курстарын көбөйтүүнү жана ар тараптуу кылууну, PISAга даярдоонун жаңы курсун ачууну, курстарды түзүүгө кызыктуу спикерлерди жана эксперттерди чакырууну пландаштырууда.

 

Фонддон долбоордун жалпы каржылык колдоосу - 520 107 сомду түзөт.

 

Долбоор тууралуу кененирээк бул жерден тапса болот!

 

социальный проект по поддержке учителейОбразовательная поддержка взрослыхСоциальный проект фонда Апаке для учителей

социальная поддержка учителей

Көмөк