«ЭКИНЧИ КАДАМ» ДОЛБООРУНУН БАЛДАРЫ ҮЧҮН «АПАКЕДЕН» ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК КҮТҮЛБӨГӨН БЕЛЕКТЕР.

«ЭКИНЧИ КАДАМ» ДОЛБООРУНУН БАЛДАРЫ ҮЧҮН «АПАКЕДЕН»  ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК КҮТҮЛБӨГӨН БЕЛЕКТЕР.

28 декабря 2018

Биз, «Экинчи кадам» долбоорунун балдарына жаңы жылдык күтүлбөгөн белектерди даярдап  жана  «Апакеден» балдарга узак убакытка чейин кызмат кыла турган  керектүү белектерди берүүнү чечтик!

Араван айылындагы балдар бакчаларында түшкү тамактарды жаңы электр плитасында даярдашып жана таттуу токочторду жаңы духовкада бышыра башташат.

Казарман айылындагы балдар бакчасынын кызматкерлеринин иши  жеңилдеп, мындан ары балдардын ич кийим, шейшептерин жаңы кир жуугуч  - автомат машинесинде жууй башташат.

Кызыл – Кыя шаарына жаңы жылдык маанай тартуулайбыз. «Экинчи кадам» долбоорунун «Аленка» аттуу балдар бакчасынын бөбөктөрү жаңы жылдык майрамды «Апаке» белекке берген үндү күчөтүүчү  портативдүү (көтөрүп алып жүрө турган) аудио жабдыктын  жардамы менен өткөрүштү. Мындан тышкары, мектеп жашына чейинки балдардын билимин өстүрүүчү сабактар жаңы маркер тактайчасы менен өткөрүлөт.

«Апакени» Бишкек шаарындагы «ϴнүгүү» (Развитие) Балдар борбору жаңы жылдык майрамга чакырышты. Биз,  Борбордогу окуп жатышкан өзгөчө балдар «жандуу» музыка угушуп, колдорунун бармактарынын кыймылын чыңдоосу үчүн,  борборго пианино белек кылдык. Ошону менен бирге имаратта тазалыкка жана ыңгайлуулукка кам көрүү иретинде борборго чаң соргуч сатып бердик.

Биздин кезектеги күтүлбөгөн белегибиз, Бишкек шаарына жакын жайгашкан,  Жаңы – Жер айылындагы «Жакшы жашоого укук» аттуу Борбордун дарыланып жаткан өзгөчө балдарына даярдалды. Мындан ары Борбордун мугалимдери,  «Апаке» Фонду белекке берген видео камеранын жардамы аркылуу  ДЦП ( балдардын нерв системасынын шал оорусу) менен жабырланган жана мүмкүнчүлүгү чектелген  балдардын сакайгандары жөнүндө өздүк видео – сюжеттерди даярдап жана видео архив чогулта алышат.

Кызыл – Булак балдар бакчасынын бөбөктөрү, «Апаке» белекке берген электр духовкасында  жаңыдан даярдалган пирогдор менен түштөнө башташат. Ошондой эле бакчанын тарбиячылары жаңы телевизордун жардамы менен бөбөктөргө сабак өтө башташат.

Биз, «Апакенин» жаңы жылдык күтүлбөгөн белектери бир гана жаңы жыл алдында эмес , башка учурларда да бөбөктөр менен кызматкерлерге пайдалуу болоорлугуна кубанычтабыз.

Кымбаттуу биздин донорлор, «Экинчи кадам» долбоорунун демилгечилери жана жардам алуучулар!

Биздин долбоордун балдары үчүн жаңы жылдык күтүлбөгөн белектерди даярдоого катышканыңыздар жана активдүү колдоо көрсөткөнүңүздөр үчүн, сиздерге ырахмат!

Бардыгыңыздарды келе жаткан Жаңы Жылыңыздар менен куттуктайбыз!

Көмөк