« Нур терапия Борбору» социалдык долбоорунун абалы». Чечим бар!

« Нур терапия Борбору» социалдык долбоорунун абалы».  Чечим бар!

22 октября 2018

«Апаке» фонду «Мол Булак» компаниясы менен, Кыргызстанда Нур терапия Борборунун курулушу үчүн инвесторлорду тартуу максатында төмөнкү чараларды көрөт:

Өлкөбүздөгү баалуу долбоорго салым кошуулардын экономикалык пайдалуулугун аныктоо үчүн, биздин өнөктөшүбүз – Казахстандагы «Сункар» медициналык компаниясы биздин Кыргызстандык бейтаптарга Алматыдан нур терапиясын алуу мүмкүнчүлүгүн тартуулайт.

Бул демек:

а. Кыргызстандык бейтаптар азыркы учурдан баштап, жаңыча жабдуулар – Ырааттуу тездеткич аркылуу жогорку квалификациялуу дарылануу ала алышат!

б. Кыргызстандан канча бейтап жогорку технологиялык дарылануу үчүн акы төлөөгө даяр экендиктерин биздин инвесторлор билүүсү керек.

Онкологиялык дарттардан дарылануу кымбат жана улам улам алып туруу керек болгондуктан, биз «Сункар» менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк:

а. Нур менен дарылоого даярдоодон башка көрсөтүлгөн кызматтарды жеңилдетилген баада жүргүзүү.

b. Бейтаптардын «Сункарда» дарылануу учурунда бекер жашоосу жана тамактануусу.

с. «Сункардын» дарыгер – радиологдорунун биздин бейтаптарга онлайн аркылуу бекер кеңеш берүүсү.

d.«Сункардын» радиологдорунун Бишкек жана Ош шаарларына , бейтаптар тобуна кеп- кеңештерди берүү үчүн баруусу.

«Мол Булак» компаниясы өз тарабынан, нур терапиясын алуу үчүн финансылык колдоого муктаж болгон биздин бейтаптарга  сунуштайт:

а. Исламдык каржылоо принциптеринин алкагында «Сункар» онкологиялык борборунда дарылануу акысын төлөө үчүн каржылоонун бөлүп төлөө жолун.

b. Бейтаптарды Бишкек – Алматы жана Алматы – Бишкек каттамдары аркылуу ыңгайлуу жана бекер ташууну.

Биз сиздерге, оор дарттан жабыркап жана нур менен дарылануу кезегин күткөндөр үчүн бул маалыматты бөлүшкөнүңүздөргө ыраазычылык билдиребиз!

«Сункар» онкоборборунан биздин Бишкектик мекендешибиз дарыланып келди!

Бул тууралуу жана «НТБ» социалдык долбоорунун абалы жөнүндө сиздер, «Апаке» фондунун төрагасы Тольбаев Бабурдун кеңири маалыматын бул Жерден көрө аласыздар:

«Сункар» онкоборборунун дарыгерлеринин байланыш телефондору: +7 702 356 7156; +7 701 879 44 38; +7 701 879 50 11.

«Сункар» жөнүндө кеңири маалыматтарды бул Жерден билсеңиздер болот!

Каржылоочулардын байланыш телефондору:

«Мол Булактын» адистери, Бишкек ш. (0770) 913 631; Ош ш. (0770) 787 493.

Көмөк