«БИРИНЧИ КАДАМ» Нарын облусунда!

«БИРИНЧИ КАДАМ» Нарын облусунда!

23 июля 2018

Биздин фонд, Кочкор районундагы Мантыш айылынан түшкөн арыздын негизиндеги «Биринчи кадамдын» кезектеги  социалдык долбоорун ишке ашырды. Б.Кыдыкеева атындагы балдар бакчасы кичинекей конокторун меймандостук менен тосуп алууга даяр –короодо балдар топтолуп ойноочу чатырча орнотулган жаңы балдар аянтчасы көз жоосун алат, ошондой эле бакчанын кире бериштеги бөлмөсүндө ар бир бөбөк үчүн жекече кийим салуучу шкафтар да пайда болду.

Айыл бөбөктөрүн, ал тургай бакчанын жанынан өтүп бара жаткан адамдарды көңүлдүү тосуп алышкан кыргыз мультфильмдеринин башкы каармандары Актан менен Акылайдын жана башка балдардын сүйүктүү каармандарынын сүрөттөрү менен көркөмдөлгөн балдар бакчасынын сырткы көрүнүшү  100 адамга, бөбөктөр, алардын ата-энелери жана балдар бакчасынын кызматкерлери үчүн кошумча белек болду. Бул жасалга сүрөт, Кыргыз мамлекеттик Курулуш, Транспорт жана Архитектура Университетинин (КМКТАУ) бүтүрүүчүсү,өз кызматын бекер сунуштап демилге көрсөткөн, ыктыярдуу- сүрөтчү Надира Калил кызына таандык.  Көк тиреген Нарын тоолорунан тийген күндүн ысыгына чыдап, 3 күн катары менен жаш сүрөтчү, биздин видео-операторубуз Керимкулов Улукбек менен биргеликте , бардык айыл жашоочулары үчүн күтүлбөгөн жагымдуу белек жаратышты.

Биз, «Мол булак финанстын» кеңсесинин менеджери Рыспек уулу Урматка, балдар бакчасынын башчысы ϴмүрканова Жыпаргүлгө, бакчанын кызматкерлерине жана Мантыш айылынын активисттерине, уюштуруу иштерине камкордук менен колдоо көрсөткөндүгү жана меймандостугу үчүн терең ыраазычылык билдиребиз!

Ошондой эле, мекендештерибизге жагымдуу жагдай тартуулоого кошкон салымы үчүн, биздин  жалпы ыктыярдуу колдоо көрсөтүүчүлөргө, жооптуу бөдрөтчүлөргө дагы терең ыраазыбыз!

Көмөк