Мантыш айылындагы балдар бакчасында.

Мантыш айылындагы балдар бакчасында.

18 сентября 2017

«Апаке» коомдук фондуна ,балдар бакчасына оюн аянтчасын орнотуп берүү өтүнүчү менен арыз түштү. «Апаке» фондунун командасы балдар бакчасынынын жетекчиси жана жергиликтүү эл менен таанышып,маалымат чогултуу максатында ,ошол жерге барышты.

Кыдыкеева атындагы балдар бакчасында өз колдору менен орнотулган ойноочу жайлары бар жупуну аянтча бар экен,бирок бул балдардын бош убактыларын көңүлдүү өткөрүүгө жетишсиз. Ошондой эле балдар үчүн буюмдарын сактоочу шкафтар да жок. Мындан бир аз мурда , Кара-суу айыл өкмөтү тарабынан жылытуу системалары орнотулуп берилиптир.

«Апаке» фонду ,балдар үчүн балдар бакчасынын шарттарын жакшыртып жана оюн аянтчасын орнотуп берүү демилгесин колго алды.

Көмөк