Кантип көмөктөшүү керек

Для пожертвования кликните на логотип карты

Также Вы можете осуществить прямой перевод на наши карты:

  • Optima Bank / Visa: 4169 6151 8993 5624
  • DosCredoBank / Элкарт: 9417 2070 5951 2938

Кайрымдуулук –бул жардам берүүнүн жалгыз түрү эмес.Сиздер бул жерден ,жардам берүүнүн башка жолдору жөнүндө да биле аласыздар,өзүңүздөрдүн жолду тандап алыңыздар!

Фонддун өнөктөшү болуңуздар

ϴзүңүздүн же иштеген уюмуңуздун атынан ,Фонддун коммерциялык эмес түзүмүн эске алып,Сиз,товар же тейлөө кызматтарын сунуш кыла аласыз.

Биз, сиздер менен PR каражаттарын түзүп,ММК жана сыналгыларда тышкы байланыш каналдарын ,сүрөт жана видео кызмааттарын ,басмакана кызматтарын ,графикалык,веб-дизайн (көркөмдөө),программалоо жана башка кызмат иштерин түзүү менен Фонддун ички түзүмүн өнүктүрүүдө кызматташ болгонубузга кубанычта болобуз.

Фонддун досу болуңуз

Сиздер ,кайрымдуулук акцияларын каалаган жагдайда,достор менен жолугушууда,компаниядагы кесиптештериңиздин арасында жүргүзсөңүздөр болот.Биз ,сиздерди пайдалуу жана жагымдуу иштерди бириктирүүгө үйрөтөбүз-сиздер,долбоорлорду ишке ашыруу үчүн каражатты кантип чогултуу жөнүндө маалымат алып жана асыл иштердин катышуучусу боло аласыздар.

Фонддун ишин илгерилетүүгө катышыңыздар

Сиздер, социалдык тармактардагы өз баракчаңыздарга биздин жаңылыктарга «жакты» жана «бөлүшүүнүү» басып которуу менен бирге ,фонддун ыктыярдуу жарчысы боло аласыздар.

Сиздердин жагымдуу ой-пикириңиздер ,социалдык медиа-жайылтууну кеңейтип,Фонддун оң тараптуу беделин соц.тармактарга чыңдоонун бир бөлүгү болуп калат.

Фонддун акцияларына катышыңыздар

Сиздер, өзүңүздөргө жаккан товарларды же иш-чараларга кирүү үчүн билеттерди сатып алып ,кайрымдуулук акцияларына катыша аласыздар.Сиздин уюм Фонддун пайдасы үчүн акцияларды өткөрсө болот.

Кызматташтыктын бул түрү ,сатылган товарлардын же кирүү билеттеринин жана башка компаниянын кызматтарынын баасынын бөлүгүн которсо болот.

Фонд өз тарабынан акцияларды өткөрүүдө,биздин кардарларга Фонд жөнүндө маалымат берүү үчүн наамын жана логотиптерин колдонууга уруксат берет. Ар бир акция алдын ала биз менен макулдашуудан кийин өткөрүлөт.

Белектер

Фонд ар кандай багыттагы жана масштабдагы долбоорлорду ишке ашырат.Сиздер иш процесстерине керектелген,мисалы,архитектуралык долбоорлоо,долбоордун чыгымын эсептөө,курулуш,оңдоо иштери жана башка майда-барат иштерди жүргүзүүгө керектелүүчү интеллектуалдык жана товардык-материалдык баалуулуктагы белектерди тартууласаңыздар болот.

ϴз алдыңызча кайрымдуулук жасасаңыз болот

Фонд орчундуу деп эсептеген долбоорлорго кичи гранттарды(жардам) бөлөт.Сиздер ,Фонддун тандоодон өтпөй,Фонддун жардамына илинбей калган долбоорлорду каржыласаңыз болот.Биз сиздерге бул ишти кандайча уюштуруу керектигин айтып беребиз.

Баннерлерди жайгаштырыңыз

Сиздер,өзүңүздөрдүн сайттарга ,социалдык баракчаларыңыздарга ,биздин Фонддун долбоорлору жана жардам берүүнүн түрлөрү жөнүндөгү маалыматтарды жайгаштырсаңыздар болот.

Ыктыярчылардан болуңуздар

Ыктыярчылар , башкаларга жардам берүү үчүн ,бош убактыларын өз каалоолору менен бекер жумшашат.Бул жардам түз,(фонддун долбоорлорун ишке ашырууга катышуу)же кыйыр(сиз анализдөө үчүн маалымат чогултууга ,байкоо жүргүзүүгө жана изилдөө иштерине,ыктыярдуу-айдоочу катары)түрүндө болот.

Биз сиздерди күтөбүз!

Курмандыктар (Кайыр садага)

Кайрымдуулук каражатын чогултуу жөнүндө!
Биздин бардык иш-аракеттерибиз, социалдык долбоорлорду ишке ашырууга багытталган, кымбаттуу жарандар жана бизнес коомчулугу, алар Сиздерден түшкөн элдик каражаттардын негизинде иш жүзүнө ашырылмакчы!
Сиздерден түшкөн каражаттардын айкындуулугун камсыздоо үчүн биз, каражаттарды автоматташтырылган чогултууну уюштурганбыз жана азыркы учурдагы накталай эмес төлөм системалык технологияларын колдонобуз.  
Биздин ийгиликтер жалаң гана ийгиликтүү долбоорлор менен тастыкталбастан, ошондой эле элдик каражаттардын электрондук төлөм системасы менен жабдылган краудфандинг платформасы жана онлайн отчеттуулук менен да айгинеленет.

Эмесе, Сиздер:

  1. Жогорудагы сунушталган накталай эмес төлөм системаларынын өзүңүзгө ыңгайлуу жолун тандап алсаңыз болот,
  2. Отчет даярдоо үчүн өзүңүздүн аты-жөнүңүздү жана телефон номуруңузду жазуу,
  3. Сиз, колдоого ала турган долбоорду көрсөтүү,
  4. Жана биздин жарандардын социалдык турмушун жакшыртууга арналган, колуңуздан келген жардамды жиберүү!
Бардык  Сиздин төлөмдөр, өздүк маалыматтарыңызды сактоо менен, сайтта көрсөтүлөт!
 
Кээ бир төлөм системаларынын камсыздоочулары бүтүмдөрдөн комиссия кармап калышат  
Көмөк